6- БӨЛҮМ.
Айдар Калыс атасын көргөндө кучактап жиберди. Аруукени, экөөнүн жакындыгын билген жалгыз адам ушул эле. Бирок ыйлаган жок. Жүрөгү дүк-дүк согуп, көздөрүнүн ичи жашка толуп турса да күч менен басып турду. Кичинекей экенине карабай кайгысын, муңун жашырганды үйрөнгөн эле.
– Айдарды жакшы карагыла, жол алыс. Ошентсе да...- башка эмне айтарын билбеди. Айдарды карап бешенесинен сылап буларды айтты.
– Балам, кайсы бир күнү туулган айылыңа келесиң. Мен силердин үйдү карап турам. Көзүм тирүү болгончо карайм. Сен эр жеткениңде бизге, айылыңа келесиң. Сен мыкты жигит болосуң, Айдарым!
– Болом, Калыс ата...
– Жолуңар болсун, жалгыздын жалгызын жакшы карагыла, куда-кудагый. Эрнис да бир ай