ЭРКЕК ЭРКЕК БОЛСО, АЯЛ
АЯЛ БОЛОТ...
Алты жаштагы балам «суу ичем, апа, суу ичем» десе, ар жакта бала эмизип отурган аялым, китеп окуп отурган мага: «Алдагыга суу куюп берип койчу!» деди...Мен ушул нерсенин алдында гана “Атанын баркы кантип өсөт?” деген макаланы окуп отургам. Эгерде мен ал макаланы окубасам, анда мен эбак эле ордуман туруп чуркамакмын. Мен китепти эч нерсе укпаган дүлөй адамдай окуп отура бердим. Бир убакта келинчегим баланы силкилдетип. – Кичинекей нерсеге, туруп кыймылдап койсон өлөсүңбү? деди... Унчукпадым. Күн күркүрөп, чагылган жарк этип, нөшөрлөгөн жамгырдан кийин эч нерсе болбогондой жумшак. Келчи бери дедим.
— Бул кичинекей эле нерсе го...
— Жок, бул кичинекей нер