1) Сууну шашпай, үч ууртам менен ичүү керек
Ибн Аббас (р.а) Аллахтын элчисинин ﷺ мындай дегенин кабарлайт: “Төө сымал (идишке жармашып алып, шимирип) бир ичкенде эле баарын ичип албагыла. Эки-үч ууртап ичкиле жана (ар бир ууртамды ичерде) “Аллахтын ысымы менен” [Бисмиллахи] дегиле, ал эми (ар бир ууртамды ичип бүткөнүңөрдө Аллахка мактоолорду [Алхамдулиллах] айткыла”.
Абу Саид аль-Худри (р.а) мындай дейт: "Мен Аллахтын Элчиси ﷺ мындай дегенин уккам: "Силер суу ичкенде шашып жана (бир идиште эле баш көтөрбөстөн) шимирип ичпегиле. Анткени ал (антип ичүү) боордун оорусун пайда кылат".
2) Сууну оң кол менен ичүү зарыл
Ибн Умар (р.а) пайгамбарыбыздан ﷺ риваят кылат: “ Эч ким сол кол менен жеб