Чоң эне айтып жатканда,менин оюма баягыда көргөн түшүм эсиме түштү. Ал түштө бир кыз мени кол булгалап чакырып жаткан.
Балким ошол түш мени бул жакка алып келди бекен?
Кечки тамакты ичип бүтүп ,Уулжан жеңе экөөбүз үйдү көздөй жөнөдүк.
- Жакшы уктаныз чоң эне!
- Жакшы жаткыла !
- Уулжан жеңе, чоң эненин аты ким?
- Наалбү
- Мага Наалбү чоң эне кызыңыз Айсулуу жөнүндө айтып берди.
Уулжан жеңе ыйлап жиберди.
- Жарыгым ай, жалгызым ай кантип гана жүрдүң экен?Андан бери үч жылга жакындап калды,канча аракет кылсак да ,куткарып алуу колубуздан келбей турат.Ошондон бери атасы ,кызынын сары изине чөп салып,куткаруунун амалын издеп жатат.
- Буюрса,аман эсен үйүңүзгө келет,мага ишенип коюңуз!
- Айтканың келсин - көзүнүн жашын сүрттү.
Мен ары толгонуп,бери толгонуп уктай албай көпкө жаттым.
Көлдүн жээгиндеги таштардын арасында башка дүйнөгө өтүп кетүүчү портал бар экен.
Бекеринен ал жерде жанагы саймалуу таштар жатпаган экен да.
Мен ал порталдан башка бир заманга өтүп кеттим.Ошондо кайсы убакта,кайсы кылымда жашап жатам.
Кайра өзүмдүн заманыма өтүп кете аламбы?
Ата- энем , туугандарым , досторум мени эмне деп ойлоп жатты экен?
Апам байкуш кантти экен? Мен мындай нерсени ,бир гана кинодон көрдүм эле.
Мен бир замандан экинчи заманга секирик жасаганга бир нерсе себеп болуу керек!
Ал сыр Айсулууда жатат, биринчи эле күнү көлдүн жээгине уктаганда, түшүмдө бир кыз кол булгалап чакырып жаткан.
Ар кайсыны ойлонуп жатып көзүм илинип, катуу уйкуга кеттим...
Таң атып ,мен эрте ойгондум.
Туруп сыртка чыктым,айлана таптаза , түндө жааган жамгырдан кийинки аба өзүнчө эле керемет!
Бул заманда абаны булгаган эч нерсе жок экен да.
Айыл эли өзүлөрүнүн күнүмдүк турмушу менен алек .Мына ,бул жерде бир келин сокуга данды салып алып ,сок билек менен жанчып жатат.Андан арыраак жерде дагы бирөө жаргылчакка талкан тартып жатат.
Мен андан да ары ,айылды аралап жөнөдүм.
Мына,жүн сабап жаткан келиндер, бул жерде өрмөк өрүп,чий согуп ,аркан эшип ,тигил жагында казанда боёк кайнап ,ага жүн салып боёп жатышат.
Ары жакта устакана жайгашыптыр,эки уста жигит дөшүгө темирди коюп алып барскан менен от чыгара чаап жатышат.
Тарс - тарс!
Учкундар чачырап ,эки жакка оттун учкундары жалтылдап түшүп жатты.
Дегеле ,бул заманда бош жаткан ,эмгек кылбаган адам жок экен .
Эч кандай машина ,эч кандай үй жумуштарын жеңилдетүү үчүн колдонгон техникалар да жок.Биздин заман жалкоолордун заманы окшойт деген ойдо калдым...
Түшкү тамакка отурдук , мен дагы жардамдашып дасторкон даярдашып жүрдүм.
Бир маалда аттын дүбүртү,анан катуу чуркап келген бир адамдын дабышы угулду.
Боз үйдүн эшигин ачып,үстү башын чаң баскан бир жигит кирип келди.
- Наалбү эне ,Жоломан уулуңуздан кабар алып келдим.Аксакалдар кеңешине, Адыл баатырга кабар айтышым керек.
- Балам деги , кабарың жакшы элеби?
- Жок эне, үч күндөн кийин биздин туткундарды ,анын ичинен Айсулууну он үчкө чыкты,балакатка жетти деп калмак ханына белекке беришет экен!
- Кокуй , каран түн түшкөн тура ! Эми кантебиз Кудайым ай!
- Кейибей туруңуз эне ,бир айласын табарбыз!
Ал жердин кара жумушун жасаган ,биздин кишилер бар.Азыр баатырга кабар айтайын!
Наалбү эне чапанын жамына коюп,келген жигиттин артынан Кан Ордого жөнөдү.
- Жүрү, кызым мени менен барып кел.
Мен да үстүмөн шырылган чапанды кие коюп ,артынан чуркаган бойдон жөнөдүм.
Барсак ,бир топ адам чогулуп калыптыр.
- Келиңиз Наалбү эне, өтүңүз!
Биз экөөбүз өтүп,боз үйдүн чет жагындагы көлдөлөңгө отура кеттик.
- Бүгүн кечке чыксак ,эртең таңы жетип калабыз.Кербен сарайдан Айсулууну эптеп чыгарсак ,биз жоокерлер менен бери жактан күтүп турабыз.
Артынан куугун түшөт,биз бир атчан араң өтчү коктудан күтүп алабыз да ,ошол жерден мергендер жаа менен атышат.
Ал жерден кутулуп чыкканын биз кутуп алабыз.
- Бир гана ,кантип аябай кайтарылган кербен сарайдан Айсулууну алып чыгабыз?
Ошол жерден мен акырын үн каттым.
- Мүмкүн болсо,мен да кошо барсам болобу?
Бардыгы бурулуп ,мени карап калышты.
- Мен кербен сарайдан Айсулууну алып чыгам.
- Кызым ,сен кантип алып чыгасың? Ал жерди кароол катуу кайтарат.Анын үстүнө биз ат менен түнү бою чаап жүрөбүз,балким салгылашып да калабыз.
Сенин өмүрүң коркунучта болушу мүмкүн- Адыл баатыр бурулуп, мени карап сүйлөдү.
- Мен атка мингенди билем , чоң атам айылда жашайт,ошол жактан үйрөнгөм.
Мектепте чуркаганга,ойногонго,анан мушташканга катышкам.Мен эркек балдардай болуп чоңойгом.
Баары мени таң калуу менен карап калышты.
- Биздин замандын кыздары ,эркек балдардан айырмасы жок болуп чоңоюшат.
Ошондуктан,сиздер мен үчүн кабатыр болбоңуздар! Кербен сарайга деле кызды оңой киргизишет туурабы?- мен да оюмду бербей ...
- Бир чети ,бул Айтурган кызым туура айтат.
Ичине кириш кыйын ,тиги алтынга маалымат сатып жаткан калмак аял айнып кетпейт деп ким кепилдик берет? Адыл баатыр кайра сөзгө кошулду.
- Анда чечтик , Айтурган кызыбыз биз менен барат.
- Жолго даярдангыла ,кеч менен чыгып кетебиз.
УЛАНДЫСЫ БАР....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев