8 - БӨЛҮМ
Нурдин Толгонай менен алаксып жатып Тумардын чыгып кеткенин байкабай калды.Оозуна ак ит көк,ит кирип каргап шилеп чапкылап аткан Толгонайдын колунан коргонуп жатты.Ачуусу менен бир урганда жыгылган Толгонайды жерге басып алып болду дегенге деле болбой айкырып жатканын баса албай шаштысы кетти.Шараптан ичип кызуу болуп алган Толгонай Нурдинге баш бербей кыйкыра берди.Тумардын жоктугун байкаган Нурдин Толгонайдын таштап атып эшикке чыкты да Тумарды таппай калды.Ансыз деле караңгыда эч нерсе көрүнмөк эмес.Алдастап бир кыйла жерге чуркап барды да көрүнбөгөндүктөн кайра артка кайтып бекинип алган жокпу деп үйдү бир тегеренип чыкты.Эч жерде жоктугун билген соң үй жака басты.Толгонайдын үнү дагы эле басылбай карганып атыптыр.Муну тынчытпасам ,эшике чыгып бакырып кыйкырып шерменде кылат деп кайра үйгө кирип барды.Орундука отуруп канап кеткен мурдун аарчып дагы эле сүйлөнүп жатыптыр.Нурдинди көрөр менен дасторкондогу пияла стакандар менен атып уруп кет ,жогол деп ан сайын күчөп кирди.Урганына карабай келип катуу кучактап кыймылдатпай туруп алды:
---Болду ,жаным, кечирип кой,бир аз ачууланып кеттим.Күнөлүмүн.Болду эми басыл,деп,жалынып жатты.
---Жогол кет,катыныңа болушуп мага кол көтөрдүңбү? Милицияга берем ,деп,токтогудай эмес.Нурдин жалынып жатып эптеп басты.Шолоктоп ыйлаган Толгонай :
--Ажырашам дебедиң беле,эмне аялың келсе айталбадың,деди.
---Жаным,мага убакыт берчи,экөөңөрүн ортоңордо чайналып буттум.
---Мени да аябайсынбы,керек болсом келип көңүлүмдү бурдурасын,ишин бүткөн соң аялыңа качасын.Мен сага эмне оюнчукмунбу ,деп,,Толгонай токтоно албай жатты.
---Акыркы жолу мүмкүнчүлүк берем,бир отоло кетип мени тынч кой,же аялың менен ажырашып адамдай болуп жаша.Мага келип кеткен эркектин кереги жок.
Толгонай Нурдинди ойго салып койду.Тумар менен ажырашам дегени Толгонайга келип кетүүчү шылтоосу эле.Ошентип өзүн аялдан жолу болбогон эркек катары көрсөтүп,кууланып келип кетүү жолу болчу.Тумардай аялга туш болгонун ачык айтпаса да ичинен ыраазы болчу .Канчалаган азаптарга салса да,турмуш тиричиликке бышык Тумар жол таап кетчү.
Жынжыр менен ич кийимдин окуясынан кийин Толгонайга жолукпай калды эле ,кайра көптөн кийин көрүп калып күйөөгө тийбегенин билип алып,иштеп тапкан акчасына белек бечкек сатып берип жатып өчкөн махабаты кайра жанган.Жүк түшүрүп тапкан биртике акчасын ушуга коротчу.Уйгө түнөбөй калган күндөрү Толгонайдыкына келип шарап ичип ,махабат майданында ойноп мокуму канчу .
Тумар такси менен үйүнө жетип алдыда болгон окуяны эстеп эчкирип ыйлап басылды.Башка сөз укса да ,талаага бирөө менен ойнош ойногону барат деген сөздү күтпөгөн эле.Бул сөз жүрөгүн тилип өттү.Нурдин менен кайра жашаганга эч кандай мүмкүнчүлүк калбаганын сезди.Мындан артык азаптарга чыдай албайт эле.
Таң атканда уктап жаткан Өмүрдү батир ээсинен алды да айылга барам деп коюп жөнөп кетти.Болгон окуяны жеңесине баарын айтты.Мындан ары Нурдин менен жашоого болбой калганын ,көптөн бери калп айтып башка менен көңүлдөш болуп жүргөнүн билсе дагы жашырып айтпай жүргөнүн айтып ,аябай өксүп ыйлады.
Нурдин Толгонайды эптеп жубатты да,убадаларын берип жатып ачуусун таркатты.Эрте менен жумушка барам деген шылтоосу менен чыкты да туура эле жашаган батирине жетип келди.Тумарды таппаган соң ,батир ээсинен каякта көрбөдүңүзбү деген суроосуна оң жооп алалбаган Нурдин, кайнагасы Тилектин үйүнө кетсе керек деп билди да,эмдигиче болгон окуяны айтса керек деп шыр эле жетип баруудан тайсалдады.Эмне болсо да барып кечирим сурап Тумарды алып келүүнү чечти.Ата энесине угузбай бүтүрүп салууну көздөдү.
Атасы каардуу киши болгондуктан атасынан сестенчү.Уй бүлөөсүн бузулганын укса кечип жиберүүдөн да кайтпасын билет.Ошондуктан ата энесин угушун каалабады.
Түш ооп Тилектин үйүнө жетип барды.Келе жатканын көрүп жеңеси тосуп чыкты да аңкылдап урушуп жолотпой койду.
---Жоголгун ,кеткин,аялдын кадырын билбеген акмак.Сендей күйөөнүн барынан жогу.Тумар жашабайт сен менен,болду унут .деп,кайра кууду.
Нурдин теңелбейинчи деп үйгө кирбей кетип калды.Бир аз ачуулары таркаганда келем деген ой менен жөнөдү.
Тумар жеңеси экөө сүйлөшүп отурушуп Нурдин келе берип тынчын алып бул жерге жашатпай кууратарын, бир аз убакка чейин башка жакта жашап турууну кеңешти.Ойлоп отурушуп жеңесинин бири тууган эжелери шаарда иштегендиктен ошолорго жөнөтүп жиберүүнү чечти .Бул ой Тумарга макул келди да ,Өмүрдү жеңеси багып турам дегенинен ишенип кете берүүнү эп көрдү.Эжелерине телеграмма жазып тосуп алуусун дайындайм деп ,убадасын берди.Тумар камына баштады.Ансыз деле бул жерде эч кандай жашоонун кызыгын көрбөй,азап менен жашап жаткандыктан,бир аз болсо да тыйын иштеп кем карчысын бүтүрүп ,жумушу жакшы болуп кетсе үй алууга да аракет кылаарын ойлоп жатты.Өмүр кол кабышка жарап калгандыктан анча деле кыйнабастыр, деп ,Тумар , уулу жөнүндө кабатыр боло бербеди.Бирок, Өмүрдөн мурда өзү куса болбос бекенмин деп эч качан таштап алыска кетпегендиктен сагынам го деп ойлоп жатты.Кетпөөгө да аргасы жок эле.Нурдин ичип алып тынчтык бермек эмес.Эмне болсо да пешенесинен көрдүм деп ,моюн сунду.
Жеңеси жолуна акча берди да чемодана кийим кечелерин салып берип Бишкекке кетчүү жүк ташыган машиналар менен сүйлөшүп салып койду.
Кучакташып коштошкон Тумар көз жашын аарчып алып Өмүрдү көпкө койо бербей кысып турду да ,кош балам,ыйлабай жүр мен тез эле келем деп ,өзү ыйлап жибербес үчүн терс бурулуп Камазга чыгып кетти.
Нурдин ачуусу таркаса келем деген боюнча үч күндөн кийин келди.Бул күндөрү жумушка чыкпай эле Толгонайдын үйүндө тайраңдады.Ажыраштынбы дегенине ооба деп койду.Антип айтпаса киргизмек да эмес.Аш оокатка тың Толгонай Нурдинди үйүнөн чыгарбай арак шарабына чейин алып келип багып жатты.
Толгонай жумушуна кеткенде Тумарга барып ачууң таркадыбы ,кечирип кой эми кайталанбайт деп жалынып болсо да алып келүүнү чечти.
Нурдин бул жолкусунда туура эле кайнагасыныкына кирип барды.Аны көргөн жеңеси ,эмне келдиң келбеген дебедим беле деп урушуп кирди.Нурдин бир аз турду да кечирип коюңуз тушунбөчүлүк болуп кетти.Жалгандан эле кызганып бирөөгө жабыштырып жатат деп калп айта баштады.Жеңеси Нурдиндин калп сүйлөрүн билчү.Аны менен сүйлөшүп отурбай эле дароо эле аялың жок,эми таппайсың,кетти башка жака.Бирөө менен жүрөт деген экенсиң,ошонусуна кетти ,деп,какшыктап сүйлөдү .Какшыктап сүйлөгөнүн сезди да ,анткен эмесмин деп актана баштады.Чындап айтыңызчы ,каякта Тумар деп ,эки жакты карап бекитип койбодубу деп издей баштады.Эми гана баласы эсине кирип Өмүр кана деп издеп ичкерки уйдө бекинип жаткан жеринен таап алды.Өмүр коркуп кетип чыңырып ыйлап жиберди.Тийбе балага деп колунан жулкуп алып алды эле корккон Өмүр жеңесинин артына корголоду.Кел Өмүр уулум,мен атаңмын,жүр кетесиңби мени менен ,деп Нурдин колун сунса кайра качып келбей койду.Бир эсебинен өз баласы келбей качканынан теригип ачуусу келди.Күчкө салып эле жеңеси коргоп колунан кармап тартса да болбой шак көтөргөн бойдон чуркап дарбазадан чыгып кетти.Женеси кыйкырган боюнча жетпей кала берди.Өмүр ыйлап чапкыласа да болбой Нурдин көтөргөн боюнча алып качып кетти.Женеси аларга жете албасын билгенден кийин өз баласы да мейли багып көрсүн деп тек койду.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2