Каныбек Кыргызбаев
6 - БӨЛҮМ
Нурдин эки оттун ортосунда калгандай болду.Тумардын кетип калышы да ого бетер татаалдаштырып жиберди.Толгонайдан эптеп кутулуунун айласын таппай жатканда Тумардын кетип калышы ашыкча болгондой болду.Эми аны алып келүү да оңойго турбасын Нурдин түшүнүп жатты.Кечирим сурап,жаман жака баспайм деп убада берип алдап соолап алып келүү керек.Бирок ошого Тумар көнөөр бекен.Агасына бул жөнүндө айткан болсо анда иштин бүткөнү.Намыстанган агасы карындашын коргоп Нурдин менен мушташа эмне болот?А Толгонайчы,аны кантет,кош бойлуумун деп чын айттыбы же атайлап ойлонсун деп айттыбы.Мамилесин токтотпосо,Тумар экөөнүн жашоосун бузуп койоору турган иш.Ушуларды ойлонуп атып таң атканын да билбей калды.Таң аткыча кирпик какпаган Нурдин таң жарганда уктап кетти.
Ойгонгон кезде күн чыгып саат бир убак болуп жумуштан кеч калыптыр.Шаша буга кийинип жумушуна барса жетекчиси издеп жүрүптүр.Нурдинди көрө калып эле эмне кеч калып жүрөсүң деп сүйлөнө кабинетке кир деп чакырып өзү кирип кетти.
Эмне чакырды экен деп кирип барса фермадагы малдарды жүктөп башка областтагы колхозго жеткирип барып келүүсун буйруду ,өзү менен дагы эки машина алуусун айтты.Менден башка барса болобу деген суроосуна жок өзүн барышын керек деп кесе айтып колуна кагаздарын берип эмне кылуу керек экенин айтып чыгарып жиберди .Парода асыл тукум букаларды жүктөгүчө эле кеч кирип кетти.Ал жака барып кайра кайткыча эки ,уч күн өтөт,Тумар аркаман келбей дагы эле тигиниси менен жүрөт деп шекшийт экен да деп башын оорутуп кечке ойлонду.Өзүнүн планы боюнча кечинде эле барып кечирим сурап алып келмек..Айла жок кечинде берки айдоочулар менен кошо жолго чыгып алыскы рейске чыгып кетишти.
Тумар агасына айткан жок,бирок кечинде келет го деген үмүттө эле.Кечке суз жүргөн Тумар Нурдинди күтүп,машина үнүн укса эле мойнун созуп карап койот.Башка машина экенин көргөн соң ,кайдан келмек эле ,жүрөт да сойкусу менен деп үшкүрүнө Өмүрду кучактап ойлоно отура калат.Тилек карындашынын көңүлсүз жүргөнүн көрүп дагы сурап көрдү эле ,баягыдай таарынышып калдык бир аз дегенден башка сөз айтпады.Келсе бир аз таарынмыш этип,анан убадасын алып анан кете берем го деп ойлоп жаткан.Бирок бүгүн кабарын алып келбеген соң Тумардын чыдамы бүткөндөй болду.Көз алдына тиги аял менен жатканын элестетип ,Нурдинди кайрадан жек көрүп кетти.
Толгонай Нурдин келип жынжырын берип кеткенден бери көрө элек.Аялы менен бактылуу жашап мени унутса керек деп ,ачуусу келип жатты.Кош бойлуумун деп Нурдинди ойлондурмакка эле айтып койгон болчу.Нурдин бир чечим чыгарбаса аялынын алдына барып көптөн бери мамиледебиз ,же мени экинчи аялы кылып алганга көнөсүң,болбосо Нурдин меники болот.Сен аялы болсоң ,мен да аялымын деп ачык эле айтмакчы болуп жатты.
Нурдин алыскы рейске кетип үч күндө араң кайтты .Бул үч күн ичинде Тумар Нурдинден үмүтүн үзүп бир отоло ошол аял менен жашап калды го деп,ар нерсени ойлоп өзүн кыйнап жатты.Келген күнү кечирим сураса барам деп жаткан Тумар ,эми ажырашам дегенге түштү.Агасына көрүнбөй ыйлап алат.Көзүнүн шишигенин көрүп,тай энесин жоктоп ыйласа керек деп,Тилек болжолдоп коюп ,неге деп сураган жок.
Нурдин келип Төлөн Адышевичке отчётун берип коюп ,руксат сурап Тумардын айылына жөнөдү.Келген кезде кеч кирип калган эле ,машина токтогонун угуп Тилек чыгып күйөө баласын күтүп алды.Кайнагасынын жылуу учурашканы көрүп Нурдин Тумардын айтпаганын билди да кубанып кетип кучакташып учурашып калды .Тумар Нурдиндин келгенин билсе да тосуп чыккан жок.Үч күн тигил аял менен жүрдү да деген ой мээсине орноп туруп алды.Кутуп жолду карап аткан болсо, эми барсын ошол аялына деп ,кайра сүйлөшкүсү келбей ордунда отура берди.Тилек кирип келип күйөө бала келди дегенине Тумар жооп да бербей отура берди
Эмне таарынычы бар булардын ,өздөрү чечишип алаар ,мен аралашпай эле койоюнчу деп,Тилек Нурдинди киргизип коюп ,чыгып кетти.
Нурдин келип унчукпай отурган Тумарды өөп анан Өмүрдү колуна алып сагына түшкөнгө эркелетип калды.
---Эмне келдиң ,деди,Тумар.
---Сага келдим,силер керексинер мага деп ,Нурдин Тумарга тигилип калды.
---Эмне үч күн тигинин менен кумарын канып эми биз эсине келдикпи,ошонун менен жаша ,биз барбайбыз.Тумар Өмүрдү Нурдиндин колунан алайын десе кайра атасын көздөй качты .Өмүрдүн өзүнө качышы дем бердиби Нурдин эми батынып сүйлөй баштады.
---Мына ,Өмукем да кетем деп жатат,карасаң.Жур эми сен да ,кечирип койчу мени.Үч күн рейсте болуп келе албадым ишенип кой.Силерсиз жашай албайм,жаным,Өмүр экөөңөр мен үчүн кымбатсыңар,деп ,Тумарды арбап жатты.
---Тигиниңе да ушинтип айттың беле?Аны да кымбатым деп айткандырсың,деди,атайын кыжырына тийип.Мен сага ишенбей калдым,адатыңы эртең эле баштайсың,деп,сөз бүттү дегендей башка бөлмөгө кирип кетти.Нурдин Өмүрдү эркелетип ордунда туруп калды.Тилек чала була угуп калды да кеп кийимде эмес экен ,сатып бербедиң деп таарынбаган экен да.Көрсө,кептин баары башка аял аралашып,турмушу бузулуп жаткан турбайбы деп, үйгө кирип барды да Өмүрдү Нурдинден алып Тумарга алып барып берди да ,,жүр күйөө бала эшике чыгып сүйлөшүп алалычы деп ,чыгып кетти.Нурдин арга жок ээрчий басты
---Күйөө бала,мен сага жаман айткым келбейт.Жалгыз күйөө баласын Бирок ,менин карындашым да жалгыз.Биз ата энеси жок чоңойдук .Көп азап тозокту көрдүк.Ортоңордо эмне болгонун билбейм,бирок катуу капа кылган көрүнөсүң .Жалгыз карындашым мага керек,Аны капа кылсаң коргоочу агасы бар ,ушуну эске ал.Мен сенден суранам.Ортоңорго башка аялды аралаштырба.,деди.Нурдин актанайын деди эле Тилек кол жаңсап токтотту да. Мага актанганың керек эмес,тынч жашашын керек.Менин карындашым ыйлабай ,көз жаш төкпөй жашашын каалайм ,деди .Макул ага дегенден башка сөз айтууга жарабады.
Тилек үйгө кирип кетти да бир далайдан кийин Тумарды кийинтип чыкты да бактылуу болгула, ак жол аман эсен жетип алгыла деп узатып койду.
Нурдин үн сөз жок машинасына чыкты да от алдырып ,Тумарды чыгарып машинасын айдады.Машина жай ордунан козголду да бир аз катуулагандан кийин караңгыга сиңип көрүнбөй калды.Алардын кеткенин карап турган Тилек,, убадага тур күйөө бала,эркекче сөз бердиң,акыркысы болсун ",деп өзүнчө сүйлөп караңгыда узап кеткен машинаны карап кала берди.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2