1-бөлүм
Түн. Сырттагы жааган жамгыр ак жаанга айланып , тыпылдап тамчы жерге кулап жатты. Жаздын киришине ала токумдай болуп ар жерде калган, ак карды жууп баштады көрүнөт. Жер беттин жашыл шибер талашып өнүп чыкысы келгендей. Элдин баары тынчтанып уйку менен, башка ааламга кирип кеткен. Жалгыз гана жепирейген эски тамдын жарыгы өчпөй бүлбүлдөйт. Меш түбүндө улам өчүп бара жаткан отко телмерип Асыл апа . Негедир аяр гана жайында чогултуп алган тезектен таштап коёп олтурат. Ал да кагаздай бат эле күйүп жок болуп калат. Жайдын ысык аптабында кургап , жамгырга жуулуп күчүн жоготуп койгон. Кыйраган деле жылуулук бере албайт.Үстүндөгү эски чапанын кымтылап коёт. Эки небересин аягандай отту өчүрбөй жагат. Баары бир үй ичи муздап турат. Оюндагысы эле жалгыз баласы Белек . Кайда жүрдү экен деги аман жүрөбү? Неге мага бир кабар бере албады. Мен ушунчалык жаман энеминби? Энелик милдетти туура аткара албадымбы? Өзүнө түрдүү суроону берип , жооп таба албай чагылып турду. Эмнеден жаздым экен эл катары окутуп , кийиндирдим , ичиндирдим , эми мынтип караанына зар болуп олтурам. Оор үшкүрүп алды. Канчалаган балдары токтобой чарпылып кете берип , карыганда тапкан жалгызы эле го. Жолдошу жол кырсыгынан каза болуп, боюнда күмөн калган баласы эмеспи. Ошондон да чалымдан калган белеги -деп, аттын Белек койгон эле. Башка турмушка чыгууну ойлонбой тырмышып жалгыз өзү өстүрдү . Там да күйөсүнөн калган эски тамы. Көз алдында бойтоңдогон баласы тартылып
-Апа мен чоңойгондо сизди багам ээ. Сизди жакшы көрөмүн. Жакшы окуп , иштеп акчам көөп болгондо шаарга алып кетемин . Чоң үйүбүз болот -деп, кыялданып эркелеп алганы .
-Сен чоңоюп адам болушуңду күтүп жүрөм го балам менин. Акылдуум менин . Тирегим , жөлөгүмсүн го өзүң. Бооруна тартып, дал ушул мештин түбүндө божурашып олтурчу эмес беле. Эмичи картайган кезде карасын көрсөтпөй кетти. Оор гана үшкүрүп алды. Шүгүр кылганы неберелери бар. Баласы алгач окууга тапшырып , шаарга кеткенде , жалгыз калганын билгизбей коңшу жашаган Айым болгон. Жаш кыз тепилдеп , суу алып келип берип , оттун жыйнашып жардамын аячу эмес. Божурап сүйлөп да берчү. Мээрими түшкөн Асыл апа , Белекке алып берип келин кылып алууну ойлоп жүрдү. Убакыттын тизгиндеп кармап кала албайбыз го , байкалбай жылдар суудай агып жатты. Жылдан жылга көзгө жакын көрүнүп , уртуна ууз , сүйрүсүнө сүт толгон Айым , көптөгөн жигиттердин тамшандырып барат. Бирок көңүлүү Белекте эле. Белек байкабайт да ойлобойт. Шаардын модалап кийинип , жарымын орусчалап сүйлөгөн кыздарын жактырат. Каникулда келип Асыл апага оттун ,суу камдап берип кетет. Эне байкуш жүрөгүн да бергенге кайыл эмеспи. Тапкан ташыганын студент балама -деп , түйүп бууп жеткирер эле. Талпынган балапандай канаттын серпсе, акырындык менен желге учкан өмүр алга карай из салып күчтөн тайып картайып баратты. Окууну бүттүп, кызмат орунга жетишкен кези келди. Белек менин айткан кызыма үйлөнөм -деп ,берген сөзү менен Айымга баш кошту. Эне жүрөгү толкундап экөөнү шаарга жөнөтүп , өзү айылда калды. Бактылуу жашап жаткан жаш үй-бүлөөгө бакыт каалап , жалгыздыктын кемесинде сүзүп жашап калды. Үмүттү небере сүйүп жашоо эле. Көпкө созулбаган бул бакыт ,ааламат дүрбөлөң алып келе баштады. Экөөнүн мамлеси суз тартып күндөн күнгө муздап барат. Ушул мезгилде төрөлгөн кызы ортого жылуулук алып келет деген үмүт таш капты. Ызы -чуусу көбөйүп жылдан -жылга соозулуп олтуруп баласы төрөлгөн кезде таштап кетти Айым. Күтпөстөн башка жигитке турмушка чыгып жашоосун улантып кетип калды. Белек шаарда иштеп , балдарын Асыл апага алып келип таштаган. Мезгилде жакшы эле болчу. Тапкан ташыганын алып, балдарына келип кетер эле. Билинбей жүрүп дайынын бербей жоголуп кетти. Элдердин сөзү менен жашоосун оюн -күлкү ,кыздарга арнап кафелеп кетиптир. Кантсин эки кичинекей наристе менен Асыл апа калып кетти. Бекер жүрбөйүн - деп мектепке полун жууп кирип алган. Бул ишке да бара албай калды. Жакшы да пенсияга чыгып алганы. Болгон жашоосу пенсия менен гана. Журтту бөрү ач калбайт -деп ,бекеринен айтылбаган экен. Көпчүлүктүн жардамы менен тирилиги өтүп жатты. Азыр неберелеринин чоңу 8-класста, кичинеси 7-класста окуп калышкан. Ушул убакка чейин кабар берип же келбеген Белекке таарынып турду ичинен. Бирок үмүт эмеспи , келген кеткен машиналардан неберелери менен күтө берет. Бул кечте да баарын көз алдынан чуубуртуп өткөрүп жатып , чолок жашын жеңи менен сүртүп коюп олтурду. Бул тапта Белек апасын эстемек түгүл дагы бир убактылуу таап алган келини Алия менен кынбат мейманкалардын биринде эле.
-Жаным , мени сүйөсүнбү-деп, олжоркуп көзүн сүзүп , жанында жаткан Алияны эркелетип кучагына тартат. Жан дүйнөсү таштай каткан , сезимсиз таш боор жанга айланганын өзү да билбейт. Энесин биротоло унут кылып койгондой. Акчаны тутамдан кармаган сайын жанында түрдүү аялдар менен кумарга батып жүрө берет. Үзүлбөгөн үмүт эненин жүрөгүндө экен. Жааган жамгыр да аягандай ак жаанга аяланып көнөктөп көз жаш төккөндөй.
Уландысы бар
Урматтуу окурмандар 3 болумдон турган чакан чыгарма кызыктуу болсо комментарий калтырыныздар уланталыбы?
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 38