Каныбек Кыргызбаев
9 - БӨЛҮМ
Жол азабы гөр азабы деп жүк жүктөлгөн Камаз машинасы кыбырап атып Бишкек шаарына жетип барды.Мындай бийик аска зоону көрбөгөн Тумар кызыгып караганы менен жолдун ийри буйру тартып тоонун туу чокусуна чыкканда машина кулап кетпесин деген коркунучта бекем жабышып алып келе жатты.Булутка колу тиер бийиктикке чыкканда аба жетишпей жаткандай абадан кере кере дем алып айдоочуну карап коюп келатты.Бул жолдон далай өткөн айдоочу мындай бийиктикке көнгөндөй сезбей магнитофонунан чыккан ырларын угуп жай баракат баратат.Бишкеке келгенде жеңесинин эжеси Салия тосуп алды да жашаган үйүнө эрчитип барды.Шаар десе эле асман тиреген үйлөрдү элестеткен Тумар ,айылдагыдай эле жер үйлөрдү көрүп адам эле көптүгү болбосо биздегидей эле экен го деп койду.Бирок,кантсе да шаар деген шаар да ары бери каттаган машина ,жан талашып клиент талашкан таксистер,бир биринен жарышып автобус троллейбустардан башың айланат.Бир эки күн эс алгандан кийин ,,эмне иш кыласың,",деп ,Салия сурады.Эмне иш болсо да кыла берем,иш болсо болду деген Тумардын жообун угуп Ош базарга ээрчитип келди да бир таанышынын пирожки,самса,манты бышыруучу чакан ишканасына киргизип койду.Тумардын милдети бышырылган пирожкилерди жана башкаларын да көтөрүп кыдырып сатуу.Алгач оңой көрүнгөн менен биринчи күнү саталбай койду.Араң эле төрттү бештин саткан Тумарга ишкананын ээси ичи чыкпады,жолуна деп араң эле жыйырма сом карматты.Автобуска түшүп кайра эртеге ишине гана жетүүчү акча алгандыктан жаткан жерине кур кол баргандан уялды.Барып ушундай болду эжеке деп ,Салияга айтса ,көп көп сат,бул жакта жашоо ушундай деп койду.Эртеси дагы барып бышкан пирожки мантыларды алып чыгып сатып жүрдү.Бир аз сатып келди ,бүгүн бир аз көбүрөөк болду.Бирок,жүз ,эки жүздү сатмак кайда араң эле оттуз кыркты сатат.Чай сатып жүргөн өзүн Ася деп тааныштырган кыз жүр мени ээрчи мен чай сатам сен ошолорго пирожки сатасың,деп,каяка сатып каяка баруу керек экенин көрсөтүп койду.Бир аз сатуу жолун үйрөнүп калган менен эч кандай акча топтоого мүмкүнчүлүк жок экенин билди.Алган акчасы эки жүз ,үч жүз болсо тамак ашы,жолуна болуп отуруп араң эле жүз ,жүз элүү калат.Ошентип жарыбаган акчага иштеп эптеп күнүмдүк жашоо болуп жатты.
Нурдин уулу Өмүрдү жол катары ыйлаганына карабай көтөрүп баратты.Болду басыл дегенине карабай көз жашын көлдөтүп койо бер деп каршылык көрсөтөт.,,Баласы аз атасынан качканы эмнеси деп сүйлөнүп,мен атаңмын го" деп эркелетсе да ыйлайт.Нурдин ага да болбойт,колунан күчкө салып эле жетелеп баратат.Жашаган батирине келди эле жүктөрүн эшикке чыгарып коюптур.Баргыла акча бербегенинер аз келгенсип уруш кылып тополоң кыласыңар деп киргизбей койду.Нурдиндин айласы кетти .,баланы каяка алып барам ?Эми эле араң көндүрүп жатканымда Толгонайдыкына алып барамбы?Кабыл алаар бекен ,деген ойлору менен көчөдө башын оорутуп кыйла отурду.Башка бараар жери жок болгондуктан айласыз Толгонайдыкына жөнөдү.Эшик бек болуп сыртта күтүп отурушту.Бир топтон кийин жумушу аяктаган Толгонай келди да короосунда отурушкан Нурдин менен баласы Өмүрдү көрдү да кабагын бүркөп,баласы экенин билсе да ,,ким бул", деп сурап койду.,,Бул балам Өмүр ,биз менен жашай турсунчу",деп жалооруй карады.Унчукпай эшигин ачкан Толгонай киргиле деп өзү биринчи кирип кетти да чечинген соң диванына чалкалап жатып калды .Нурдин корунгандай Өмүрдү эрчитип кирди да бул жерге отур деп коюп ,Толгонайга батына албай курсагын ачканын да айталбай кыйла отурду.
---Эмне отурасың,чай коюп балаңын курсагын тойгуз ,деп ,Толгонай бурк этти да сумкасын ачып ашканадан алып келген нандарын,арткан манты ,эттерин алып чыгып столго койду.Курсагы ачкан Өмүр столго коюлган нанды ала калды эле,Толгонай ачуу үнү менен,тур колуңу жууп кел деп , Өмүрдү кагып койду.Толгонайдын бул айтканы Нурдинди башка таяк менен чапкандай эле болду.Бирок ,эмне дейт,өз кылганы өзүнө муш болуп тийип жатканын сезди.Тике карап сүйлөбөгөн аялынын баркын билбей ушу Толгонайга алмаштырганына өкүнүп кетти.Канчалык азапка салса да көтөргөн Тумарды азыр болсо төбөсүнө көтөрүп кечирим сураганга даяр эле.Бирок ,кеч.Каяка кеткенин айтпаган жеңесинин алдына барып бутун өөп кечирим сурап ,дарегин айтыңызчы дегиси келип кетти.Кайнагасы Тилек болгондо кылган кылыктары үчүн бирди көрмөк.
Тумар менен жашап жаткандагы жыргал күндөрүн сагынып ыйлап жибергиси келди.Ошол күндөрүн ойлоп жатып Толгонайдын айтуусу боюнча чай коюп бир аз эт кууруп жиберди.Өмур колун бети башын жууп келип тамак бышкыча эле курук нанды аймап кирди.Аны көргөн Толгонай эми мунун баласын дагы багат экенмин да деп,ойлогон ою оң чыкпай калганын билди.Анын ою Нурдин өзү келсе шапар тееп , күндө оюн күлкү менен өтмөк.Баласын алып келип алат деп ойлобогон Толгонай эми кантип жоготоорун билбей жатты.Мейли бир аз күндөн кийин атасыныкына алып бараар деп өзүн өзү соороту.
Нурдин менен сүйлөшүп отуруп Тумар качып кеткенин укту.Каякка кеткенин айтпай жеңеси жашырып койгондуктан өчөшүп баласын алып келебергенин айтты эле ,сен жумушка чыгасыбы же бала карап үйдө отурасынбы деди. Толгонайдын оюн түшүнгөн Нурдин шашканынан иштейм ,иштейм деп жиберди.
---Угуп кой Нурдин,мен сени багамын деп чакырган жокмун .Жашагың келсе теңме тең иштеп ,киреше кыл.Антүү оюнда жок болсо мени тынч кой.Мен сенин тиги томаяк катынындай жаткызып алып бакпаймын.Макул балаң бир аз тура турсун анан ата энеңкине жеткизеерсин,деп,ичкерки үйгө мен чарчадым жатам деп кирип кетти
Нурдинге Толгонайдын сөзү бычактай эле тийди.Экөө эркелешип өбүшүп жаткан кезде ,,сени сүйөм ,сенсиз жашай албайм,аялың менен ажыраш ",деген сөзү жөн эле айтылып жүргөн сөздөрү экенин билди.Эми айла жок чыдоого туура келет.Ачууланып сөксө көчөгө чыгарып койоору турган иш,колу тийсе милицияга берип кууратат.Мага чала болду деп өзүн өзү урушуп жатты.Тумардын каякта экенин билсе аркасынан барып таап келмек эле,бирок ал жөнүндө такыр маалымат алалбады.
Өмүр каяка келип калдым деп чоочуркап карайт,Толгонай бир деме деп урушуп жибербес бекен деп ,корунуп бир жерде эле кыймылдабай отура берчуу болду.Кенен басып чуркап ойноп жүргөн Өмүргө камакка эле түшкөндөй болду.Толгонай жумушка кеткенде эшикке чыгып бир аз ойноп келет.Анан тийбе деген нерселерине тийбейт.Тамак жеген идишин өзүнө берип жуу деп дайындаган.Нурдин бул нерселерди көрүп унчуга албады,бирок ичинде өкүнүп жатты.Баласын эркелетип көңүлүн алган менен Тумардай боло албасын билген Нурдин атасынын үйүнө алып барып койсомбу деп да ойлонуп жатты.Атасынын бул тууралуу укпаганын эстегенде баргандан тайсалдайт.Ошентип күн өтүп жатты.Кечинде экөө өбушуп жытташканы менен экөөнүн тең ичинде ачылбаган сырлары жаткан эле.
Тумар ал ишинен тажап башка жумуш карап башка ишке өтүп кетти.Ал жумушунда кечке басса да пайдасы жок экенин билип базардагы бир сатуучуга жардамчы болуп орношту.Бирок жумушу оор.Эрте келип камерадагы товарларын алып чыгып сатучуу аял келгиче баарын тизип бүтүү керек болчу анан кечке соодага жардам берип кайра баарын жыйнап кайра киргизиш керек.Алгач аябай оор болуп жатса да чыдап эми көнө түшкөнгөбү бир аз жеңилдей сезилип калды.Айына акча төлөөп берүүгө макулдашылгандыктан күнүгө тапкан акчасына караганда ушул жакшы болчу.Өмүрду ойлоп сагынып көз жашын мөлтүрөтүп төгүп алат.Нурдин жакшы болсо жанында эле жүрмөк элек бир үй бүлөө болуп деп,өткөн күндөрдү ойлоп кайгырат.Бирок кеч болсо да Нурдинден кетип калган жакшы болду,өмүр бою азап чеккиче деп койот.Бир күнү жеңесине телеграмма жөнөтүп телеграф аркылуу сүйлөшүп алмакчы болду.Куткөн күнү келгенде телеграфта кезекке туруп саатын күтүп калды.Бир кезде оператордун бул жак менен сүйлөшүүчү абонент мынчанчы кабинага кириңиз деген үндү угуп шаша кирип трубканы көтөрө калды.Биринчи эле жеңесинин үнүн угуп сүйүнүп кеткен Тумар амандашкандан кийин Өмүрдү алып келдиңизби деп сурады.Жеңеси маалкатпай эле сен кетериң менен эле баланы алып кетип калган.Ойношунукуна кирип жашап жатат Балаң ошолор менен дегенде ,токтоно албай ыйлап жиберди.Эмне берип койдуңуз дегенине,мени укмак беле күчкө салып алып кетип калды деп актана баштады да,мен силердин чырыңарды көтөрө албай зорго жүрөм.Келип кара анда деп ачууланды да Россияга кеткен аганын да дайыны жок,деп,ого дейре Тумардын кайгысына кайгы кошту.Минута бүтүп көчөгө чыккан Тумар ыйлап көз жашын арчып жолдо баратты.Аны көргөндөр эмне болду кызым десе да көңүл бурбай жалгыз өзү жүргөндөй эле көчө менен бир болуп ыйлап баратты.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1