7 - БӨЛҮМ
Өткөл мезгил келип мамлекет ыдырап жок болуп кетүү коркунучуна кептелди.Жумуштар баары жабылып иштеген жумушчулар баары жумушсуз калышты.Заводтор талкаланып четинен сатылып завод эле аты болбосо кароолчусунан бөлөк эч ким жок.Нурдин иштеген ферма малдарын Өзбекстанга сатып ,фермада бир баш мал дагы калбады.Жумушчылар ,малчылар саанчылар баары жумушсуз калып жашоо кыйындады.Машиналарды акчалуулар алып менчик кылып алышып айдоочулар да жумушу жок ар жака таркап кетишти.Фермадагы бузулган машиналар, тракторлор тетиктериге бөлүнүп уурдалып темир аттуулар темир алчууларга сатылды.Фермадагы сарайлар да сатылып бузулуп курулуш материал болуп базарда сатыкка чыгып кетти.Мурдагы 1000 ге жакын жумушчуларды камтыган ферма ушинтип ыдырап жок болду.Нурдин менен Тумар эптеп кыйынчылыкта чыдап жашап жатышты.Нурдин ичкиликке жакын болуп бир аз тыйын тапса ичип алчу болду.Өмур беш жашка чыгып жарытылуу деле тоюнуп кийинбейт.Тумар эптеп аялдар менен кошо талаа жумуштарына чыгып бир аз акча таап келет.Талаага пахта чапканы барат же пияз отогону барат.Тапканын тамак ашка жумшап ,баласы Өмүр ач калбаса болду.Нурдинден үмүт жок,базарга жүк түшүргөнү кеттим деп кечинде кызуу болуп кирип келет.Акча таптыңбы дегенине жумуш болбоду ,жүк келбеди деген жообу даяр.Тумар чындап кыйналды үйдөгү аш оокат мойнуна туштү.Ыссыктын күнү Өмүрдү караганга эч ким жок талаа жумушуна алып алат да көлөкөгө отургузуп койот.Кечинде жумушка алып барган жүк ташуучу ГАЗ-53 машинасына чыгышат да ,талаанын ызгыган чаңына буланып үйгө келет.Келип кечки тамактын камын көрөт.Курсагы ачкан Өмүр чыдабай ыйлап да жиберет.Ага кошулуп Тумар да көз жаш төгүп алат.Бала билмек беле курсагым ачты деп ыйлап жатып кээде уктап калат.Таап келген биртике акчасына дүкөндөн себелеп ун ,май , макарон алат да эптеп тамак кылат .Анысы эки эле күнгө жетет.
Тилек агасы үйлөнүп бир кыздуу болушуп калды.Колунда тай энесинен калган мал бар эле эптеп аны көбөйтүп эки үч мал кылып алды.Аялы да тың чыгып элдин төшөгүн ,жууркандарын тигип бүтүрүп берип акысына алган акчасына тиричилик кылат.Тилек карындашына жардам берип кээде тамак ашын алып берип калат.Бирок ,үй бүлөө деген үй бүлөө да күйөөсү баксын деп нааразы болуп аялы тыйып койот.Чынында заман минтип тартыштык болуп турса өз үй бүлөөсүн багуу да кыйынчылык болуп жаткан.Нурдиндин үй бүлөөсүнө болгон жоопкерчиликсизи Тумар эмес Тилектин да ачуусун келтирчүү.Көп жолу эле айтып көрдү ,иштеп ,акча таап үй бүлөөңү бак деп,бирок макул дегени менен дагы эле ошол акыбал өзгөрүү жок болду.Тилек карындашына ажырашуу сунушун айтса ,балам атасыз калабы , оңолоор,заман ушул бойдон турбас, деп жолотподу.Бирок ,заман күндөн күнгө оорлошо берди.Россияга агылып жумуш издеп кеткендер күндөн күнгө арбып көбөйө баштады.Тилек да көпчүлүк кетсе барып иштеп келүү үчүн жөнөп кетти.Нурдин Тумар менен баласы Өмүрдү деле ойлобой ичкиликке сайылды.Курсагы тойсо эсеп.Анан каякадыр тентип кетет да кызуу болуп келет.Тумар мындай жашоодон тажай баштады , Нурдинге сүйлөнсө кулагынын сыртынан кетирет да чыгып кетип мас болуп келет.Ушундай күндөрдүн биринде ферма тараптан берилген үйдөн чыгууга туура келди.Себеби,ферма озун карамагындагы үйлөрдү сата баштаган.Нурдин алып калууга даластап ары бери чуркады бирок,жумушу жок арак ичкен немеге ким акча бермек эле.Үй сатылып кетип жаңы ээлери келгенде бошотуп берүгө туура келди.Тумар канчалык көз жашын төксө да үйсүз калып бош батирге чыгып жашаганга туура келди.Тумар Нурдинди күнөөлөгөндөн пайда жоктугун билип ,бул жөнүндө айта бербей тынч койду.
Жашоо үчүн өзү аракет кылуу керек экенин билген Тумар ,талаа жумуштарынан калбайт.Өмүрдү үй ээсине тапшырып карап туруңуз дейт да таң атпай жумушка жөнөйт.Талаадан акча алгандан сырткары жашылчалардан терип алат.Пияз ,сабиз чеснок тере келет да көбөйгөндө базардагы соода кылгандарга өткөрүп келет.Бир аз болсо да тамак аштан кыйналбай калышты.Бирок,батирге берчуу акчасы топтолбой чогулбай койду.Батир ээси түшүнүктүү аял болгондуктан,,кызым, болсо береерсин,жок болсо кыстабайм.Балаң менен кенири ичип ,кеңири кийингиле .Сенин ичкич күйөөң сени жыргатпайт го,бир эле балаң бар экен ,ажырашып эле алсаңчы",деп насааттарын айтат.Тумар ойлонуп ошол туура экенин билсе да ,иш жүзүнө келгенде ал нерсеге жүрөгү даабайт.
Күндөр ушинтип өтүп жатты.Нурдиндин акча таап үй бүлөөсүн бакмак турсун үйгө келип түнөбөгөнү көбөйүп кетти.Эмне кылып жүрөсүң дегенине жүк түшүрдүк деп кутулчуу болду.Бирок,жарытылуу деле акча алып келбейт.Кызуу келип ар нерсени айтып башы оорутканы болбосо мурдагыдай үй бүлөө болуп чай ичип сүйлөшүп отуруу жок болуп баратты.Бир кездеги сүйүүшүп жүрүп үйлөнгөн Нурдиндин менен Тумардын ушунча жыл чогуу жашаганына карабай уй бүлөөсү ыдырап ынтымагы кете баштады.
Тумар кимдир бирөөдөн Нурдин башка аял менен эрчишип жүрөт деген сөз угуп калды.Чын төгүнүн билгенче ооз ачпады.Бирок мурдагыдай болбой өзгөргөнү билинип бир сөз көтөрө албай урушуп кетчү .Баласы Өмүрдү да мойнуна отургузуп ойномок түгүл ары түртүп,чарчадым деп жатып алат.Эркелегиси келген бала атасына жабышса ачууланып чаап жиберчуу болду. .Нурдиндин кыялы күндөн күнгө башкача болуп баратты.
Бир таанышы Нурдинди ашканадан көрдүм , бир келин менен сүйлөшүп отуруптур деген кабарынан кийин шекшигени чындыкка ооп бараткандай болду.Ошол таанышы аркылуу келиндин аты жөнүн гана эмес жашаган жерин да билип алды.,,Бир келин менен сүйлөшүп жатыпсын го",десе ,мойнуна албасын билген Тумар , ошол келин менен чогуу болгондо кармап мойнуна коюу керек деп ,ошол күндү болжолдоп жатты.
Адаттагыдай кыялын көрсөтүп үйгө түнөбөй кетип калган күнү ,Тумар Өмүрдү үй ээсине дайындап туруп жумушум чыгып калды деп коюп түн бир убакта чыгып кетти.Эптеп такси токтотуп райондук борборго жетип алды да ,таанышы берген көчөнү издеп жөнөдү.Тез эле таап алды да короосуна кире албай кыйлага туруп калды.Эки бөлмөлүү болгон чакан болуп салынган үй экен.Тун бир окум болуп калса да жарык өчүрүлбөй,терезелери караңгылатылып тосулганынан ушул жерде болсо керек деп болжолдоду.Музыканын жеңил чыккан үнү угулгандыктан адамдары уктай элек бейм деп акырын короого кирип терезеге жакындады.Уурулук кылып жаткансып жүрөктөрү дүкүлдөп кабынан чыгып кете жаздады ,Бирөө чыга калса жообу да даяр болчу,бир атты айтып ошону үйүбү демек.Бирок ,короодон эч ким чыкчудай эмес жым жырт эле.Биринчи терезеден эч нерсе көрө албады,экинчи терезеге өттү эле ачылып турган жеринен караганга бою жетпеди.Эки жакты карап ары жакта орундук турган экен ,аны көтөрүп келди да ага чыгып акырын көз жүгүртүп карай баштады.Жерде дасторкон жайылып анда дүйүм тамактар ,суусундук менен бөтөлкөдөгү арак туруптур.Ушул жерде экен деп Тумар даана билди.Музыка чыгып жатканынан уктай элек болсо керек деп болжолдоду.Эч ким көрүнбөгөндүктөн орундуктан тушуп арткы терезеге бармакчы болду эле ал тарапта ит байлануу экен Тумарды көрүп атырылды.Тумар чочуп артка качып өз оордуна келди да унчукпай туруп калды.Итке көрүнбөй калгандыктан үрүп үрүп токтоп калып кайра жымжырт боло түштү.Такылдатсамбы деп да ойлоду,башка болуп калса уят болбоймунбу деп тайсалдап турду.Дагы бир карайынчы деп орундукка көтөрүлсө,аркы бөлмөдөн өбүшкөн боюнча жарым жыналач бойдон чыгып келатышыптыр.Тумардын бүткөн боюна муздак суу куюп жибергендей болду.Денеси чымырап аз жерден кулап кете жаздады.Нурдин ,деп кыйкырып терезени ургулап жиберди.Унду уккан экөө бир биринен алыстай түшүп,Тумарды үнүнөн таанып Нурдин ичкери бөлмөгө шуу кирип кетти.Тумар эшикке келип ургулап ач Нурдин деп бакыра берди.Бир кыйладан соң сен кимсиң деген үн угулду. Бул Толгонай эле.Ач деп ургулай бергендиктен ачууга аргасыз болгон Толгонай эшикти ачты да сага эмне керек деди.Тумар жооп бербей эле босогодогу Толгонайды түртүп жиберди да,, Каяктасын ,чык Нурдин "деп издеп калды.Артынан кирген Толгонай сен кимсиң сага эмне керек деп ээрчип жүрөт. Ага болбой ичкерики бөлмөгө кирмекчи болду эле Толгонай алдынан тосуп киргизбей туруп алды.Ачууланган Тумар жаактан ары бир салып ,,кач сойку алдымы тоспо ",деп,кирип барды.Издеп атып занавескага далдаланган Нурдинди таап алып,,бети жок акмак,тапкан сойкуң ушубу,деп аны да бир салды.Үстүнкү кийимин кийгенге үлгүрбөгөн Нурдин бекинген жеринен чыгып адатынча ыйлап жаткан Тумарды кучактаган аракет кылып кечирим сурап жатты.Тумар өзүнө жолотпой ыйлай берди:
---Акмак,менден артык көргөн катының ушубу.Барбагының үйгө,жашабайм сени менен.Сендей эрдин барынан жогу,деп ый аралаш сүйлөп жатты.
---Эмне томаяк катынын келсе коркуп кеттиңби,ажырашам деп айтып жатпадың беле?Айт эми,деп Толгонай ан сайын экөөнү кайраштырып жатты.
---Кечирип койчу,мен ит болдум,тигинин сөзүнө кирип азгырылдым.Атамдар укпасын,кечирип койчу ,дегенде ,ыйлап жаткан Тумар Нурдинди жаака чапты да,
---Жап оозуңу ,атадан айланган акмак деп ,кыйкырып жиберди.
---Сендей катынды эмне кылсын,кийингени карачы лөлүдөй болуп жүдөмүшсүн.Сени эркек карайбы ,деп ого бетер жинине тийди Толгонай.
Нурдин Тумардын урганын да сезбей отуруп алып ыйлап жаткан аялын сооротуп кечирим суроо менен алек.
---Эмне жалынасын,ия,катының көзүңө жакшы көрүнүп кеттиби.деп Нурдинди да кекете баштады.
---Азыр чечишип алалы же мени дейсиң же катыныңды эрчип кет да экинчи босогомду аттабайсын,деди Толгонай.
---Сен сойку,башкалар менен да соо эмессиң,Нурдинди сени менен эле жүрөм деп алдап жатасыңбы.Тааныгандар айтышкан сени кимдигиңди,деп Тумар да тилин тыйбады.
---- Жүргөн бир эле мен экенминби,ия,деп бөйрөгүн таянып Тумардын алдына туруп алып ,Керек болсо да сен да соо эмессиң Нурдин сенден эмне качып жатат.Ошо башкалар менен талаага жумушка чыктым деп эле ойноп келет имишсин ,дегенде Эмне деп кыйкырып Толгонайга атырылды.Ооба Нурдин айткан деп ,Тумардын соккусунан коргонуп артка кетенчиктеп бара жатканда ,Нурдин ,,энеңди,канчык ,"деп Толгонайды басып алып ура баштады.Жерде жаткан Толгонай тилин тыйбай :
---Эмне айтканың,жалганбы,эмне катыныңа болушасың.Мен сени милицияга берип каматам деп ,аңкылдап айкырып ыйлап ,Үстүндө отурган Нурдинди чапкылап атты.
Мындай сөздү күтпөгөн Тумарга кылыч менен эле жүрөккө сайып алгандай болду.Бетин басып ыйлап чуркаган боюнча чыгып кетти да ошол күүсү менен деми кысылганча чуркап барды да эки жакты карап түндө башка эле жакта жүргөнүн байкады.Адашканын билип араңдан зорго жолго чыкты да келе жаткан жеңил машина кол көтөрүп каяка барарын айтып жөнөп кетти.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3