Свернуть поиск
Правая колонка
2-БӨЛҮМ
Ашырбү анын сөзүн укса да, укмаксан болуп чыгып кетти. Миразим ыйлап кала берди. Канчалык ага жагынып, алы жеткенин айттырбай жасаса дагы жакпады. Ашырбү ичип алып, баланы эмизет да жатып алат. Баланын жалаягы менен анын кирлерин Миразим эптеп чала-була жууп жаят, анан билген тамагын жасап, алдына алып келет. Кээде кыялы кармаганда Ашырбү анын жасаган тамагын жактырбай тилдеп жиберет. Бүгүн дагы итиреңдеп:- Ушуну кантип жасадың ыя, эмне, мен сага итминби? - деди идишти түртүп. Анысы чайпалып дасторконго төгүлүп кетсе айкырып ийди. - Эмне, сен мени кекетип калдыңбы ыя?
- Таеже, мен төккөн жокмун. - Миразим ыйламсырап ийди.
- Ийи, мен төктүмбү анан? - деп Ашырбү акшыя карады.
- Жо-ок.
- Анда ким, эй шүмшүк, сен бара-бара кишини тоготпой баратасың го?
- Эмне кылдым?
- Атаңдын башы! - дегенде Миразим ыйлап чыгып баратты эле Ашырбү аны кыйкырып токтотту. - Токто, дүкөнгө барып бир бөтөлкө арак алып кел!
- Бербейт.
- Барып кел дейм.
- Таеже, бербейт.
- Мени айтты де.
- Макул, - деп көз жашын аарчый күүгүмдө эшикке чыгып, коңшусунун дүкөнүнө кирди. - Эже, таежем бир арак берип койсун дейт.
- Мира, таежең аябай карыз болуп кетти, азыр берейин, кийинкиде бербейм, ал жаш баласы менен аракты эмнеге ичип жатат?
- Билбейм, - деди Миразим сабыры суз.
- Шоруң көп экен, байкуш, эне-атаңдын өлүп калганын карабайсыңбы? - деп Жаркын кызга жан тарта шыпшынып койду. - Баягы эри кеткенби?
- Ооба, - деп андан аркысын уккусу келбей дүкөндөн чыгып баратты. "Эмнеге менин атамдар эрте өлүп калды? Чын эле шорум көп окшойт, эмнеге адамдардын шору көп болот, же менин эле шорум көппү, таежем жакшы эле болчу, мени эмнеге жаман көрүп баратат?" - деп келип аракты жанына койду. - Таеже, карызыңар көп дейт, эми келбегиле деди.
- Эмне-е, ошончо эле жетишип калыптырбы, алат да карыз болсо.
- Ошентип айтты.
- Айта берсин, келе стаканды алып бер!
- Таеже, ичпей эле койчу. - Миразим жалдырай карады. - Камчы чоңойгуча ичпей эле койсоң…
- Эмне, сен мени башкаргың келеби, же тарбиялайсыңбы ыя? - Ашырбү ушинтип акырая караганда Миразим унчукпай калды. - Мага акыл айтчу адамдар эбак өлгөн!
- Таеже, мен кантип акыл айтам, өзүм акылга суусаган жаш кызмын го? - деди Миразим ыйламсырай. - Андан көрө сен мага акыл айтчы, ичпей Камчы экөөбүзгө акылдуу эне болчу, татыктуу көңүл бөлчү, таеже!
- Эмне дейсиң? - Ашырбү стакандагы аракты ичип жиберип, уктап жаткан уулун чолуй карап, Миразимди тикирейе тиктеп, оозун ача кызыктай акыбалда калды. Бир чети арак жанын жыргатып, бул дүйнөдөгү азап-тозогун унуткарууга жардам берсе, экинчи жагынан бул сөз аны ойлонтуп койду. Эки куюм ичти да, калган аракты ары түрттү. - Ме, алып койчу.
Миразим аракты ары алып коюп, дасторконду жыйнады, идиштерди жууду. Анан үйдү шыпырып, төшөк салгандан кийин уктап калган Ашырбүнү ойготту.
- Таеже, туруп төшөккө жатчы.
- Жата берчи.
- Үшүп каласың, таеже, төшөккө жатсаң.
- Эмне эле кыйнайсың, баланы ыйлатпай кара.
- Макул.
- Бар, - деп коюп, Ашырбү коңурук тартып уктап калды.
Аны карап отуруп, Миразим ыйлап жиберди. Ошол түнү ал уктаган жок, улам бала ыйласа карап, шымын которуп, чай берип жатты, сүтү да калбаптыр. Таң атаарда уктап калган экен катуу соккудан чочуп ойгонду. Ашырбү баласы ыйлаганынан ойгонуп кетип, жини келип бир тээптир. Ичке тийген экен, көзү караңгылап, үч бүктөлө түштү.
- Эй шүмшүк, уйкудан өлсөң дагы баланы карап койбойсуңбу ыя?
- Түнү менен карадым, сүтү жок экен. Таң атаарда эле уктаганда гана көзүм илинип кетиптир.
- Таежеден айлан, тур, сүт сурап кел!
- Акча жок бербейт да.
- Сурап кел дейм!
- Таеже, эмнеге мынча кыйнадың, ушундан көрө өлтүрүп салчы, - деп Миразим эшикти көздөй жөнөдү, шолоктоп ыйлап алган.
- Эй шүмшүк, сүт таппасаң үйгө кирбе! - Ашырбү саксайган чачтарын оңдоп, жоолук салынды да, бөтөлкөдөгү арактан жутуп алып, ыйлап жаткан баласын чапкылап, таптап уктатмак болду. Бирок какылдап ыйлай бергенде эмчегин салды эле эмбей койду. - Өлүгүңдү көрөйүн баш-шыңды жегир, эмне мынча ыйлайсың, же жанагы жетесиз атаң өлдүбү, эк өлсө өлө койсун, сен үчүн эмне кылып коюптур! - деп дүк-дүк эттире койгулап, эмбесе дагы эмчегин салып жатып алды.
Миразим короонун оозуна чыгып, кайда бараарын, кимден сүт сураарын билбей, эки жакты карады. Үч-төрт майда балдар ойноп жаткан экен, ошолорду карап туруп, бир кездеги өзүнүн бактылуу балалыгындагы бир күнү эсине түштү.. .
Миразим анда алты жашта болчу. Өзү теңдүү балдар менен үйгө кирүүнү унутуп, күүгүмгө чейин ойноп жүрө бере турган. Бир күнү апасы чыга калып: "Мира, Мира кызым, келчи, келегой, кызым, сен жакшы көргөн мантыны жасап койдум", - деп кол булгалай чакырды. Миразим жүгүрүп келип, апасын кучактап алып: "Апа, досум Элдар дагы кирсинчи, макулбу, апа", - деп суранды. Апасы аны кучактап, бетинен өбө: "Ма-акул, көпөлөгүм, досуңду ээрчитип кир", - дегенде алаканын чапкылап: "Ур-ре, апам макул дебедиби, жүр, Элдар, манты жейбиз", - деп Элдарды колунан тарта үйгө жетелеп кирген. Апасынын экөөнө манты салып берип, жегендерин карап, күлүмсүрөп отурганы көз алдына тартыла: "Апакебай, силер эмнеге эрте өлүп калдыңар, таежем болсо ичип кетти", - деп ойлогондо жүрөгү шуу дей түштү. "А кокус мас болуп, баланы өлтүрүп алсачы, жок, сүт алып барайын, антпесем мени киргизбейт" , - деп көз жашы сызыла туруп калды.
- Мира, эмнеге карап турасың? - деген коңшу аялдын үнүн угуп, карай салса, ал жанында туруптур. - Эмне, ыйлап жатасыңбы?
- Жок-жок. - Кыз көз жашын аарчый жер карады.
- Капырай, Ашырбү жакшы келин эле, сени кор кылып койду го? - деп Асылгүл кейий карады. - Дагы ичип алдыбы? - Мира мурдун шуу тартып, башын ийкеп койду. - Эмнеге ичип жүрөт ал, баласы жаш, көчүнөн айныган экен. Биерде бирөөнү карап турасыңбы?
- Жок. Жок.
- Ыйлаба, кызым, таежең уктап жатабы?
- Жок, сүт алып кел деп урушуп жатат.
- Аа-а кокуйгүн, тура турчу бизде сүт бар бекен көрөйүн, - деп ылдамдай басып үйүнө кирип, банкага жарымынан сүт алып чыкты. - Ушул эле калыптыр.
- Рахмат, эже.
- Балага бересиңби?
- Ооба, рахмат, эже, анан идишти алпарып берем, - деп Миразим текилдей үйгө кубана кирип келсе, бала какылдап ыйлап, кара терге түшүп калыптыр.
Ашырбү болсо уктап жатат. Сүттү отко койду да, баланы ала койду, көп ыйлаганга өпкөсү көөп калыптыр. Шымын алмаштырып, анан көтөрүп сооротуп жатты, бир аздан кийин сүттөн берип, жаткырып койду эле уктап калды. Өзү отуруп алып, дагы ыйлады, качантан бери адамдай болуп сүйлөшүп же тамактанбай да калышкан. Бир кезде Камчыны кучактап алып, өзү да уйкуга кирди, түнү менен уктабаганга көзү жабышып турган эле.
- Өлүгүңдү көрөйүн шүмшүк десе, баланы өзү алып жатып алганы эмнеси?! - деп бир тепкенде көзүн ачса, жанында жоолугун кыйшайтып таежеси туруптур. - Тур, желмогуз!
- Таеже, мен балага сүт бербедимби?
- Атаң берди беле? - деди кекетип.
- Сурап кел дебедиң беле?
- Кимден сурадың анан, таежем мас болуп жатат дедиң да.
- Жок, эчтеке дегеним жок, таеже, ичпей эле койчу, бала ыйлап калат экен, - деп өңгүрөп ыйлап жиберди. - Эмнеге ичесиң, бир балаңды кимге кор кылып ичип кетесиң, эмнеге?? Эмнеге ичип жатасың, апамдан башка эч кимиң жок эле го, ал өлгөндө ичпей эми эмнеге ичесиң?
- Ыя? - деп Ашырбү жаткан жеринен тура калды. - Ичпейм, эми такыр ичпейм, - деп баласын колуна ала коюп кучактап, ал дагы буркурап ыйлап кирди. - Мен жинди болдумбу, ырас эле эмнеге ичип жатам?
- Сен жакшы элең го, эмнеге минтип ичесиң билбейм, таеже? - Миразим эжесинин жоошуй түшкөнүн көрүп, ого бетер айта баштады. - Камчы экөөбүздү кимге ишенип ичип жатасың? - деп Ашырбүнүн бут жагына башын коюп, өпкөлөп жатты. - Жакында мен окууга кетсем, Камчыны кантесиң?
- Болду, болду ичпейм, карыздардан кутулайын, кой, садага, чын эле мен жинди болдумбу? Кагылайыным менин, сени карабай апаң арак ичкенче балээ ичсин, дарт ичсин, - деп таежеси эми эсине келгендей баласына жалынып, өпкүлөп жатты.
Миразим андан кийин үндөбөй калды. Тамак жасайын десе эчтеке калбаптыр, жадагалса май да жок экен, аргасы кетип таежесине кирди.
- Таеже, тамак жасаганга эчтеке жок экен.
- Такырбы?
- Жок, бүгүн чай ичип жатабыз да.
- Мейли, май же эт да жок бекен?
- Эч нерсе…
- Анда жөн кой, эртең карыз ала койобуз.
- Качан беребиз, карызга бербейт го?
- Жок болсо бир жөн, мал сатабыз.
- Ооба, баары болот ээ, таеже? Камчы экөөбүздүн жаныбызда сен болсоң болду, мен сага эчтеке жасатпайм, сен ичпесең эле болду, - деп кучактап алып, ыйлаганда ал күтүлбөгөн жерден жинденип кетти:
- Барчы, эмнеге эле ичпе, ичпе дейсиң, мен эмне алкаш болуп кеттим беле.
- Таеже, мен анткен жокмун.
- Бас жаагыңды! Болду, жиниме тийбе, минте берсең дагы ичем, иче берем!
- Макул, сүйлөбөйм, таеже, кечирчи мени, - деди да, Миразим өзүнүн бөлмөсүнө кирип кетти. "Ушунун баары жанагы Мамбеттин айынан болду, ошол кеткенге ичип жатат", - деп көмкөрөсүнөн түшүп ыйлап жатты. Бечара кыздын сыздаган жүрөгүнө жылуу сөз айтчу адам жок, бүк түшүп жата берди. Таежесине сүйлөгүсү келбей чай кайнатып, дасторконго каткан нанды койду. Анан: "Дагы эмне деп урушуп ийет?" - деп коркуп, же өзү чай иче албай, же чай ич деп айта албай мостоюп отура берди. Сүйлөсө эле бакырып же урушуп киргенинен заарканып калган. Ашырбү уктай берди. Миразим каткан нанды кемирип, бир бурчта соксоюп отурган. Бир кезде Камчы ыйлаганынан тура калып, ала койсо сийип алыптыр. Кургак шым кийгизип, упчусуна сүт куяйын десе, бала чырылдап ыйлап жиберди. Бир колуна баланы алып, бир колу менен эптеп бөтөлкөгө сүт куюп, шекер салайын десе, идиши бош. Түбүндөгү калдыктарды кырып салып, ичирмек болду эле ичпей ыйлай берди. Ошол кезде ойгонуп кеткен Ашырбү:- Баланы эмнеге ыйлатып жатасың? - деди башын көтөрүп.
- Канты жок сүт ичпей жатат.
- Кебетеңе отурайын өлүксүз, даярдап койбойт белең.
- Кайдан алам? - Күнөөлүүдөй бүжүрөдү Миразим.
- Та-ап, өлүксүз, коңшудан сура, дүкөндөн ал!
- Бербейт.
- Ой сенден тажадым, өлүп калсаң жаным тынат эле, сенин азабың гана өттү го? - деп ордунан турду. - Өзүм барып келейин, ыйлатпай карап тур.
- Макул, - деди кыз үлдүрөй. Ашырбү сыртка чыгып, коңшунун дүкөнүнө жөнөдү, жоолугун түздөмүш болгон, анысы кайра эле кыйшайып калды. Дүкөнгө кирсе аялдар бар экен, алардан бир аз тартына дүкөнчүгө шынаарлай:
- Эже, шекер берип туруңузчу? - деди.
- Ашырбү, карызды көбөйтүп ийдиң го?
- Ушул жумада берем, эже, балам шекерсиз сүт ичпей жатат.
- Макул, ушул жолу берейин, эртерээк кутул.
- Ооба, эже, сөзсүз кутулам, - деди да, бир кил кантты колтугуна кысып, сыртка чыгып кетти.
- Капырай, дегеле балакеттей келин эле, буга эмне болгон? - деди бири ал чыгаары менен.
- Бирөө келип жашап жүргөн, ошонусу кетип калгандан бери ичип жүрөт. Кыз бечарага эле кыйын болду, кибиреп мунун баласын багат, түйшүктүн баары ошого түштү, - деди дүкөнчү Жаркын.
- Жаман аял эркек үчүн өзүн жоготот да, эркек көптүн эри деп койот го, өз эриң кетип калат анан, бирөөнүн эрин кармап калам деп ойлоптурбу? - деп күлүп калышты.
- Ошону айтсаң, аял өз абийириңди өзүң сактабасаң, башка бирөө сени басып гана койот, - дешип Ашырбүнүн артынан бир топ сөз кылышты. Ашырбү өзүн кармап, чымыркана ичкиликти таштамак болду. Башы канчалык ооруп турса да, бөтөлкөнүн түбүндөгү арактын калдыгын ичкиси келип, кайра өзүн токтотуп, чыдап жатты. Миразим сүйлөбөй жалтаңдап отурду, аны көрүп, Ашырбү ичинен боору ооруду. "Эжем болсо ушуга сүйлөй алат белем, байкушум ай, ушуга кыйын болду. Мен эмне болуп баратам, кара чечекейимдин жалгызын кордогонго кантип дитим барды, мени кудай кечирээр бекен?" - деп ойлонуп жатты. Кечке чейин эптеп карманып, кечинде баягы кылт этип эсине түшкөн аракты чыныга куюп жутуп алды. "Ушуну ичсем эс алып калам, эртең өзүмө келип калаармын" , - деп ойлой, болпоюп ойноп аткан баласын карап, Миразимдин куйган чайын ичти.
- Нан жок бекен?
- Жок.
- Камыр жуурусаң боло?
- Жууруй албайм да.
- Көнөсүң, - деп ага камыр жууруп, нан жасаганды үйрөтмөк болду. Ошентип эки баланы караан тутуп, кайрадан жашай баштады. Ичкенин коюп, тиричилигин өткөрүп, карызынан кутулду. Миразим мектептен келгиче баласы менен отуруп, ал келээри менен чай ичишет, мурдагыга караганда жакшы болуп калды. Кеч күз болуп калганда жети-сегиз жандыгы жана бир уйун торпогу менен алып келип, бага баштады. Эртели-кеч чөп салып, алдын тазалап, эртең менен чыгарып, кечинде короого киргизип камайт. Эшигинде картаң ити бар, ал чоочун адамды көргөндө баф деп коюп, кайра жатып кала турган. Бир түнү эшиктен дүп-дүп эткен дабыш чыкканынан чуркап чыга калса, уюн бирөө жетелеп баратыптыр.
- Жардамга эл жу-урт, ууру-ууру! - деп Ашырбү бакырып жибергенде тиги неме уйду таштай качып жоголду. Уйду кайра жетелеп кирип, байлап чыкса эки-үч коңшусу келип калды:
- Эмне болду, ким экен? Ууру дегениңди угуп, жетип келдик.
- Билбейм, ал өзү коркуп, таштай качып кетти.
- Көрүп калганың жакшы болгон тура.
- Кудай сактаптыр, билбей калсаң эмне болот эле?
- Эшиктин алды менен алып баратыптыр, малдын баскан дабышын угуп чыга калдым, атчан бирөө келдиби деп да ойлодум.
- Буйруктуу мал да.
- Кой, биз кетели, бирдеме болсо кабар кыл, бул жанагы кыздын ырыскысына кол салган кайсыл акмак болду экен?
- Ошону айтсаң, ата-энесинен калган мурасы көп болбосо дагы бир башына жете турган оокаты бар бечаранын, - дешип кошуналары үй-үйүнө тарады.
- Кыз-зык, ошол кыздын ырыскысы дештиби, менин бул үйдө жүргөнүм жөн эле турбайбы, а кокус мен бирдеме болсом балам кимде калат, менден ага эмне калат ыя, - деп ойлуу үйгө кирди, өзүнчө эле сүйлөнүп жатты. - Туура, эгерде эжем болбосо кайда жашайт элем? Мен эми жашоону жакшылап баштайын, балам үчүн бирдеме жасашым керек, келечегим үчүн кам көрүшүм керек, - деп жатып калды, жанында быш-быш этип, жөрмөлөп калган баласы эч нерседен бейкапар уктап жатат. "Садагам десе, аман-эсен болсоң экен, сени тарбиялап өстүрүп, үйлөнтсөм, балаңды багам, анан картайганда бактылуу кемпир болсом экен", - деп аста ууртунан өөп койду эле наристе чукуранып, кайра уктап калды. Ашырдү ар кайсыны ойлоп, түнү бою уктаган жок.
Эртеси туруп, короосун караса, койлору ордунда, түндө аз жерден уурдалып кете жаздаган ую дагы кемшеңдеп кепшеп жатыптыр. Аларга чөп салып келип, Миразимди ойготту:
- Мира, тур, тура гой, сабакка барасыңбы?
- Ооба, барам.
- Тур, антпесе кечигип каласың, тур дейм, - деп эңкейип кытыгылай бетинен өөп койду. Миразим өз көзүнө ишенбеди. Заматта апасы көз алдына келди, ал ар дайым өөп ойготчу, кечинде уктаганча жанында отуруп, кээде ырдап, кээде жомок айтып бере турган. Көзү жайнай түштү, үстүндөгү төшөктү ыргытып жиберип, тура калды да, таежесин мойнунан кучактады.
- Апакем, апакем менин, апамдын өзүсүң, таеже, аябай окшошуп кеттиң! - деп солкулдап ыйлап жатканда Ашырбү эмне кылаарын билбей калды.
- Болду эми, Мира, сен чо-оң кыз болуп калбадыңбы, акылдуусуң, супсулуу кыз болуп келе жатасың, эми ыйлаганың болбойт, - деп ушул кезде ыраматылык эжеси көз алдына тартыла көзүнөн жаш ыргыды. Кызды чачынан сылап, маңдайынан өөп, кучагына кысып-кысып көпкө турду. - Бара гой, жуунуп кел, чайыңды ичип, окууңа жөнө.
- Мына кеттим, - деп бактылуу жылмайган кыз сыртка секирип чыгып кетти, Ашырбү аны узата жылмайып карап турду. Бирок бул бактылуу көз ирмемдер канчага созулаарын ким билет. Ашырбү кетирген кемчилигине уялды. "Арбак алдында күнөөкөр болдум, эки бирдей адамдын арбагы мени кечирбейт го, мени кудай урдубу? Ушуну кагып-силкип жинди болдумбу, өзү боорукер, ашыкча акылдуу", - деп ойлоп, чайын демдеп дасторкон жайып, Миразимди күтүп калды. Ал чайын ичип алып, кудуңдап сүйүнө мектебине кеткенде Ашырбү өз тиричилигине киришти. Ошондон он-он беш күндөй өткөндө бир коюн түндөп уурдатып жиберди. Эртең менен малын чыгарып жатып, чоң кара кой жок экенин көргөндө күйүп-бышып коңшуларына кыйкырды. Эч ким көргөн эмес. Кейип-кепчип, ууруларды каргап-шилеп кала берди. Кынык алып алганбы көп өтпөй ууру дагы келди. Ашырбү короосун бекемдетип, чоң кулпу салып койгон эле. Ачалбай көпкө убараланды. Калдыр-кулдур эткен дабышты эшикке чыккан жакын коңшусу угуп, акырын Ашырбүнүн терезесине келип, такылдатты да:
- Корооңдо бирөө жүрөт, - деди шыбырай. Анткени анын ажатканасы короонун артында болчу, малдын кошкурганынан өйдө угулуп турчу. Экөөлөп дагы эки-үч коңшусун ойготушуп, колдоруна союл алып, чогуу короону тегеректеп киргенде ууру эски аттын акырына кире качты. Эч кимди таппай кошуналар көпкө сүйлөшүп турушту. Ууру болсо демин ичине катып, акырда жаткан. Бул Мамбет эле. Эл үй-үйүнө тараганда гана эптеп качып кетти. Анан эле бир күнү кийим-кечесин алып, кеч күүгүмдө кирип келсе болобу? Ашырбү аны үйгө киргизбей коңшуларын чакырып жакшы эле аракет кылды. Бирок анысынан эч майнап чыкпады. Мамбет кетпей көгөрүп короонун бир бурчуна жатып алды.
- Сен эмне деген адамсың, мага эмнеге келдиң?
- Жаным, мен сени сүйөм, агама ачык айтып, кийим-кечемди алып, биротоло келдим.
- Кереге жок, биерден тоңуп өлөсүң!
- Мейли, өзүм сүйгөн аялдын босогосунда өлсөм арман жок, - деп Мамбет Ашырбүнүн бутуна жармашты. - Кечир мени, жаным, мен сенсиз жашай албайм, кабыл алчы мени, баламды да сагындым. - Өлөрмандык кылып ыйлап жиберди. Мамбет бул жолу чындап эле үйүнөн чыгып калган, ичип, ар кай жактан уурулук кылып, милицияга түшө бергенден улам: "Кайда барсаң анда бар, кара жаныңды бак, бизди тынч кой", - деп катын-балдары кууп жиберишкен эле.
- Сен мени мазактаба, элдин бетин кантип карайм, сенин келгениң да, кеткениң да азап болду го? - деп Ашырбү үйүнө кирип кетти, кирсе Миразим ыйлап отуруптур. - Сага эмне болду?
- Жанагы кишини кетирип жиберчи, таеже, сени ал жинди кылат, балдарына батпай калганда келгендир, киргизбечи, таеже…
- Өлүп кетсин ошол, киргизбейм өзүм дагы.
- Чын элеби, таеже?
- Чын айтам, садага, көңүлүм калды. - Ашырбү үшкүрүнүп отура кетти.
- Кетпей койсочу?
- Кетет.
- Жаман киши ээ, таеже, ага сен ишенбечи.
- Ишенбейм, коркпо.
- Дагы эшикте жатабы?
- Ооба.
- Эшикти ачпа ээ, таеже.
- Ачпайм, ошол жакшылыкты билеби?
- Кетип калса экен, - деп тиленген Миразим ички бөлмөгө кирип кетти. Мамбет ого бетер көгөрүп түнү бою отуруп чыкты. Эртең менен Ашырбү сыртка чыкса, ал малды чыгарып, чөп салып жүрүптүр. Жини келген Ашырбү барып, колундагы бешиликти жулуп алды.
- Деги өлөрман неме экенсиң да, бул үйдө кала албайсың, андан көрө үйүңө кет!
- Кетпейм, сенин корооңдогу коюң менен жата берем.
- Эмне жанды чыгарасың, жүрү үйүңө барабыз. - Колунан булка жетелеп жөнөдү. - Аялыңа алып барып тапшырам, болбосо милицияга!
- Ашырбү, токточу эми, мени түшүнсөң, аялыма баарын өзүм айткамын, бир балабыз бар экенин билет, убара болбочу, жаным.
- Жаным деп кыжырыма тийбе, башыма түшкөн балээ гана болдуң го, билсе биле берсин, алпарып тапшырамын, болбосо каматам, - деп сүйрөмөк болгону менен ага күчү жетпеди. - Бол деп жатам! Түш алдыма!
- Мен биерге кетүү үчүн келгеним жок.
- Мамбет, менин үстүмдө үйүм жок, кандай жашайсың, Миранын туугандары ансыз дагы үйдөн чык деп жатат, - деп калп айтып ийди Ашырбү.
- Эмнеге?
- Ошого, кыз алардын үйүндө болуш керек экен.
- Демек жакшы болот, экөөбүз шаарга кетебиз.
- Мен сени ээрчип как талаада калгым келбейт, андан көрө кетип кал.
- Сен кайда барасың?
- Өзүмдүн жашоомду өзүм биллем.
- Койчу, Ашырбү, антип тескерилене бербечи. Же бирөөнү таап алдыңбы?
- Таап аламбы, жокпу, ишиң болбосун! Элдин баары эле сендей көт жинди дейсиңби?
Алар антип акыйлашып жатканда Миразим эшикке чыгып жуунуп, үйгө кирип, окуусуна камынып жатканда бала ыйлап калды. Көпкө көтөрсө да басылбай койгондо чыгып:
- Таеже, бала ыйлап жатат, мен сабакка кечиктим, - деди.
- Мага бер да, бара бер, - дегенде Миразим баланы таежесине берип жатып, Мамбетти акырая карап, басып кетти. Мамбет он эки, он үч жашар кыздын көз карашынан бир силкинип алды да: "Сени шашпа, таежең үчүн эмес сен үчүн келип жүрөм, өзүм чоңойтуп, өзүм кызыгыңа батам", - деп ичинен кекенип тим болду. Көп өтпөй баласын көтөрүп алып, Ашырбү үйгө кирип, эшигин бекитип алды. Кыжаалат боло баласын тойгузуп, өзү чай ичип, андан кийин кийимин алмаштырды да, милицияга жөнөдү. Ал участковыйду ээрчитип келгенде Мамбет эшиктин алдында отурган.
- Сизби Мамбет? - деди участковый ага.
- Ооба, эмне болду?
- Бу кишинин тынчын алып жатыпсыз…
- Бу менин аялым, балабыз бар, иним, үй-бүлө чатагына кийлигишпей койгонуң дурус, биз урушабыз, кайра табышабыз, - деп керсейе карады ал.
- Кайдан билем, арыздангандан келип отурам.
- Бекер кыласың, иним. Бир аз итчилик кетип калыптыр, эми мени кечир, кемпир, инимдин алдында сурайын, - деп каратып туруп жанын жегенде Ашырбүнүн жини кайнап кетти:
- Кайдагы аял, сенин үй-бүлөң, балдарың бар, андан көрө сыйың менен үйүңө кет.
- Бир аз ит кыялы кармап турган, ошого барган го, аялдарды билесиң да, иним, көптөн бери иштебей үйдө болуп калганга кет деп ачууланып отурат, - деди Мамбет жылмая.
- Калп, аялы менен балдары башка жакта, жалгыз бой аялмын ар убак тынчымды алып, коркутуп жүрөт, иши кылса алып кеткиле, суранам, - деп Ашырбү ыйлап ийди эле милиционер ачуулана Мамбетти карыдан кармады.
- Азыр бөлүмгө барасыз, ошол жерден сүйлөшөбүз, - деп Ашырбүгө карады. - Сиз дагы жүрүңүз, арыз жазасыз.
- Макул, барам азыр, - дегенде Мамбетти түрткүлөп машинасына салды да, алып кетти. Ашырбүнүн бир ныптасы эңшериле түштү, "Эмне кылдым, тим койсом болот беле, үйүндөгүлөр дагы чыгарып койсо, мен каматып койсом не болот? Деги акылым жок аялмын, баламдын атасы эмес беле", - деп үйүнө кирип, баласын эмизип, ойлуу отуруп калды. Участкага барган жок. Түштөн кийин Миразим сабактан келип, үйдө Мамбеттин жогуна кубанды, бирок ал бул жолу сыртына чыгара эчтеке деген жок. Ичинен гана: "Кудай, ушул адамды үйүбүзгө келтире көрбө", - деп жалынып алды.
- Келдиңби, мен малды карайын, баланы алчы.
- Макул, - деп Миразим шыпылдай баланы ала койду. Ошентип жашоо-тиричилиги кыбырап өтө бермек, бирок ошол эле түнү анын эшиги катуу кагылды. Бул Мамбет болчу, Ашырбү барбаган соң аны кайра койо беришкен. Кечке каңгып жүрүп, кечинде короого келип, кийим салынган баштыгын караса, ордунда экен. Аны алып, арам ою менен дагы ууруга кирмек болду, бирок эртең эле милицияга түшөөрүн ойлоп, кайра эле Ашырбүнү алдоого ыктады. Аял деген эркектин жылуу сөзүнө эрип, кучагына киргенде баардык капачылыгын унутуп жиберээрин жакшы билген шумпай эшикти тыкылдатып, карс-карс ургулады.
- Ким бул? - деди Ашырбү.
- Ашырбү, бул менмин, ачсаң эшикти.
- Ай кудай ай, деги эмне деген адамсың, тынчтык бересиңби ыя?
- Ачып койчу, бай болгур, үшүп кеттим, кардым дагы ач.
- Бар үйүңө!
- Айттым го сага, үйдөн чыгып кеткемин.
- Анда ага-иниңе бар!
- Эч жакка барбайм, анда эшигиңде жатып тоңуп өлсөм да ыраазымын, - дегенде Ашырбү эшикти ачып жиберди. - Алтыным, мен сени гана сүйөөрүмдү билсең, качантан бери айтып келе жатам го, эмнеге ишенбейсиң? - деп Ашырбүнү кучактап, жанталаша өпкүлөп, койо бербей турду. - Канчалык сагынганымды билсең мындай кылбас элең.
- Болду, балдар ойгонот, - деп Ашырбү ары өзүнөн оолактатмак болгону менен Мамбет болбой эле кучактаган бойдон жарыкты өчүрүп, төшөккө жеткенче аймалай берди.
- Эми сенден ажырабай калайын, кет дебечи, жаным, - деп төшөккө жыгып, чечиндире баштады. Бул эркектин, аялдын негизги талуу жерин билген куу эркектин амалы эле, катынын, балдарын атайлап таштап, бекерчиликтен үй-бүлөсүнө жаман көрүнгөндө жалгыз бой аялдын алсыздыгын билип туруп жасаган иши. Эң башкы максаты жетимдиктен эки көзү жалдырап, көкүрөгүнө муң толгон кыздын бажырайган жамалы сугун арттырып, эртедир-кечтир ага суук колун салуу эле. Ашырбүнү адеп көргөндө анча жактырбаса да, көпөлөктөй болгон куурчак кыздын кез келгенде топту жарган сулуулардын бири болоорун бир көрүп билип, аны өзүнө гана энчилеген. Ошондуктан дал ушул үй ага өзүнчө эле падышанын сепилиндей көрүнүп, кеткиси келбей айланчыктап туруп алды. Бирок Ашырбү анын ар бир сөзүнө ишенип, дал ошол түнү аны кечирип, өз кучагына алды. Кантсе дагы баласынын атасын аяды, анын үстүнө эркектин койнун эңсеп-күсөп калганын мойнуна алды жүрөк түпкүрүндө. Эртең менен турган Миразим таежесинин жанында жаткан жек көрүмчү адамды көрүп, жүрөгү шуу дей түштү. Унчукпай эшикке чыгып келди да, кийинип алып, мектепке кетип калды. Тагдырдын тамашалуу кысымына кабылган кыз дал ошол адамдын азабынан өз жанынан кечүүгө чейин бараарын билбесе дагы жүрөгү бир жамандыкты сезгендей, аны бүт жан дили менен жек көрө жашап келет.
Уландысы бар

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7