Свернуть поиск
Правая колонка
Курбу кызым кечигип жатты. Дайыма ушул адаты калбайт. “Эртерээк чыгып жүрсөңчү” десең шылтоосу даяр. “Сен эмне унаа тыгыны жок жакта жашайсыңбы? Билип туруп эле сурай бересиң” деп айыпты өзүңө бурат да турат. Кызык, курбу кызым эле эмес, бүт баары кечиккенге өтүп алды. Той-пойго десе кечиккенди көрө бер, бечара той ээси бешке деп жазса коноктору тээ сегизге чейин чубалып келе берет. Кучагын жайып тосуп турган той ээсин аяп кетесиң. Өткөндө бир тойдо тамаданын айтканы эсиме түштү. “Тойго эң биринчи келген конокко” деп сыйлык тапшырса элдин баары күлдү. Күлөт дагы, дагы эле кечиге берет. Мына курбумдун эле жоругун карагыла. Чалгым келбеди, чалсам дагы баягы жообун угам...
Сейил бакты аралап ары-бери басам. Ары жакта балдар ойноочу жайда бөбөктөрдүн сыйгаланып түшчү темир дөбөгө көз чаптырып, бири чыкса, бири түшүп жаткан жаш балдардын шаңы күлкүсү көңүлүмдү бурду.
Бир убакта артымдан бирөө үн катты. “ Кудайкул, Кудайкул, кезектешип түшкүлө, сен чоңсуң да, кичинеге жол бошот, балам!”
Карасам “Чоң баланын” апасы отуз-кырктарга барып калган, колундагы китеби менен күндөн жүзүн калкалаган, заманбап кийинген татынакай эже экен.
– Уулуңуздун аты өзгөчө экен. Кулагыма башкача угулду, “Кудайкул” деп атын ким койду экен?!
Баласы жөнүндө сураган адамды ким эле жаман көрсүн.
Чын эле укканда эле жан-дүйнөмдү бир жылуу нерсе аралап кеткендей болду. Өзүмдү башка бир доордо жүргөндөй сезип кеттим.
– Кудайкул деп, ысымы мечитте берилген. Сизге окшоп көптөр сурашат, - деди аял, Кудайкулунан көзүн албай:
Мени “сиз” деп айтканынан ого бетер жакындаша түштүм.
Кызыгуумду байкаган эже эми мени баштан-аяк бир карап алды да; “ал өзү узак сөз, сиз ким болуп иштейсиз?”дегенде “журналистмин” деп шыр эле болгонун ачыктап, Кудайкулдун апасынын баяны чындап бүйүрүмдү кызытты. “Шашкан жоксузбу?” дегенде “Эже, сиз мени сен дей бериңизчи, мен бирөөнү күтүп аткам. Ал кишим бүгүн келбей калды окшойт.” Шаардык эже жылмайып койду. “Тааныбаган адамды “сиз” дейбиз да; туурабы?” “Ооба, мен Кудайкулдун эжеси, сиздин сиңдиңиз Дариямын” дедим мен дагы күлкү аралаш. Ичимден курбу кызым Аселдин бүгүн келбей калышын чындап каалап турдум.
–Мени Сайра эже десең болот,- деди ал мага жайдары карап. Ачык сүйлөгөнүм ага жакты окшойт. Анан балдар менен ойноп жаткан Кудайкулду чакырды эле тил алчаак бала окшойт, дароо эле жетип келди. Үчөөбүз сейил бакты аралап, ылдый катар бастык.
Кудайкул бизден алыстап, алдыга чуркап кетти. Бул жерге эне-бала такай келишет окшойт.
-- Кепти эмнеден баштасам экен, Дария, отуралычы.
Сайра эже сейил бактын четирээк жеринде бош турган орундукту көздөй басты. Эки көзүн баласынан албайт экен.
-- Сайра эже, сиздер шаарда көптөн бери жашайсыңарбы?,-деп журналисттин көндүм суроосун узаттым.
-- Негизи айылдыкпыз. Байкең экөөбүз тең айылдан келгенбиз. Окууну бүтүп, баш кошуп Бишкекте калганбыз. Экөөбүз тең илимдин артынан түшүп, бала-чака күтүп, эл катары тамырыбызды жайганга шашкан жокпуз. Бирок бардык нерсе өз убагында болгону жакшы экен. Ойлогон ой-максатыбыз орундалганы менен байкеңдин “балалуу болсок” деген тилеги орундалбай көп жыл дарыгерлердин көзөмөлүндө болдук. Чет жактарга барып, кыйын дарыгерлердин көзөмөлүндө жүрдүк. Бирок, биз күткөн үмүт акталбады. Жылдар өтө берди... Бир жолу байкең кеп козгоп калды. “Мен мечитке барайын, намазга жыгылайын. Кудайым бизге ошол жактан берер, кандай дейсиң, Сайра” дегенинен “өзүң бил, убактыңдын баары ошол жакка кетип калбасын, сен докторлук илимий ишиңди бүтүрүшүң керек” дедим. Жолдошум үндөгөн жок. Өтө сабырдуу адам. Анын “баары буйруган күнү болот” деген, оозунан түшүрбөгөн сөзү бар. Ошону гана айтты. Күз айлары эле, кыштан баштап мечитке бара баштады. Беш убак намазга жыгылбаса да бүткүл ниетин коюп, таңкы намазын үзбөдү. Баарына жетишип жатты. Жоро-жолдошторубуздун арасында да байкеңдин ыйман жолун карманганын жакшылыкка жоорушту. Кээ күндөрү багымдат намазына турганда мен да кошо ойгоном. Байкең жайнамазын жайып, кыбыла беттеп, бүт дит-ыкласын коюп, жараткандан жалынган добушун угуп, мен дагы угузбастан көзүмү жаштап, тилегенимди ичимден кайталап жүрдүм. Ал жараткандан бала сураса, мен дагы жаткан жеримден туруп жалбарып, алакан жаям. Экөөбүз эки жерде. Бул жашоодо биздин акылыбыз жетпеген Кудайым гана билген, бир аруулук касиет бар экенине көзүм жетти. Дария, сен ишенбейт болушуң керек, ошондон бир жылдай убакыт өтүп-өтпөй боюмда болуп калат, көктөн тилегенибизди кудай берди. Сүйүнүч кабарды угузган дарыгер бизге жараткандын өзүндөй көрүнүп, байкең, врач үчөөбүздүн кучакташып, кубанычтан балкып турганыбызды көргөн адам бакыт деген керемет сыйкырды туймак. Наристебиз аман-эсен төрөлгөндөн кийин байкең бир күнү «балабызды мечитке алып барып, азан чакырып ысым берели» дегенде мен дароо макул болдум. Бизге баланы кудайым берди, наристебизди мечиттен тапкандай кубанычыбыз койнубузга батпайт. Баланын кулагына азан чакырган имам “балаңардын ысымы Кудайкул болсун, аны кудайдан тилеп алдыңар” дегенде дагы ыйладым. Чын эле тилеп жүрүп, таптык да Кудайкулду.
--Сайра эже, ушул мага айткандарыңыздын баарын төкпөй-чачпай радиого сүйлөп бербейсизби,-деп шашып кетип, сөзүн бөлдүм.
--Бүт кыргыз элинеби! Бүгүн кимдин ким менен иши бар, менин сөзүм кимге кызык? Эже бакырайган тунук көздөрү менен карап калыптыр. Мындай жагымдуу, алпейим адамды күндө эле көрө бербейсиң. Карегинен бакыт нуру төгүлгөнсүйт.
-- Кыргызга керек! Кудайкулдар көбөйсүн да. Байлык тилеген жаш жубайлар силерге окшоп, бала тилегенди үйрөнүшсүн да. Менин сөзүмө Сайра эже тээ ары жакта, арчаларды аралап, ойноп жүргөн Кудайкулун карап туруп;
--Байкең менен кеңешип, анан жообун айтайынчы, макулбу, Дари,-деп мага бөлүшкөн ички сырын көпчүлүккө чыгаргысы келбегенин сезип турдум.
--Сиздей бакты-таалайын табам деп, наристе жытына зар болгондор канча, эже. Байкем да түшүнүктүү жан окшойт. Тилегине күрөшкөндөр гана жете турганын сиздердин сабырдуу жашооңор далилдеди. Мындай бактылуу тагдырды эл менен бөлүшкөндү ар бир журналист самайт, эже.
Сайра эже чуркап келип кучагына боюн таштаган, Кудайкулдун жүзүнөн жыттап, бооруна кысты. Кудайкул дагы “бизди кармабаңыз, биз кетеличи” дегендей козунукундай көздөрү менен мени жалжал карап,апасынын кулагына бир нерселерди шыбырагандай болду.
--Атам күтүп калды деп атат. Анын иштен келээр маалын билет. Биз баралы,-деп эже ордунан турду. Мен дароо Сайра эженин телефонун сурап, жазып алдым. Быйтыйган колдорун сербеңдетип, коштошкон ак жолтой баланын келечегине жакшылык сөздөрүмдү төгүп-төгүп айтып алдым.
Сейил бакты бойлоп, үмүт данегин жетелеген Сайра эжени кыйлага чейин карап турдум. Анан курбу кызым Аселдин келбесине көзүм жетсе да, сейил бактын баш аягына дагы бир жолу көз чаптырып «жакшы кылдың келбей коюп,бу жолку кечиккениң үчүн кечиримди мен сурайын..,» деп өзүмчө жылмайып койдум.
Айкүмүш Кеңешбек кызы
“Матисаков мектеби”
МЕН ДА ТИЛЕП ЖҮРӨМ КУДАЙДАН🤲

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1