Свернуть поиск
Правая колонка
Күндөр күлүк, айлар жорго желбеген
Күндөр айды, ай жылдарды такымдап
Саат жебеси, камчыланат дембе-дем...
Өмүр өтөт, аккан суудай токтобой
Ай жылдардын эсеп-чотун, чоттобой
Жакшыларды, тирүүсүндө баркка албай
Паска уруп, ушактамай, боктомой
Көзү өткөн соң, түккө арзыбас адат бар
Мыкты эле деп, мактап оордун жоктомой...
Бул тирүүлүк, бир келет да бир кетет
Тамчы айың, көлдөй тунук көңүлдү
Көз ирмемде, ыштай каптап кирдетет
Жаакташпай, ызаатташып жүрөлүк
Жагымдуу сөз, жан дүйнөнү гүлдөтөт!!!
Автор: Эрнис Урукеев

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев