Свернуть поиск
Правая колонка
▪︎ Өч алуу - бул бүтүндөй терс ойлоруңдун кулу болуу. Кимдир бирөөлөр өч алып, бактылуу болуп кеткенин укпадым. Өч алууну көздөгөн адам, ички тынчтыгын бузууга багыт алган адам.
▪︎ Өч алуу - бул менменсинүү. Адам "өч алуу менен бирөөнү акылга келтирем" -деп ойлойт бирок эки эсе көп өз акылынан адашат. Аң сезими өнүкпөй, терең ой жүгүртө албай, дүйнөсүндөгү жарык, нурун чачпай, караңгылык каптайт.
▪︎ Өч алуу - бул психикалык жабыркоо. Мээге күч келтирүү, денени кыйноо, сезимдериңди башкара албай, терс эмоциялардын бийлигине баш ийип, психосоматикалык ооруларга кабылуу.
▪︎ Өч алуу - бул руханий дүйнөңдү талкалоо. Жаратканым менен болгон байланышты үзүү. Көөдөндүн сокур боло баштаганы. Жан дүйнөңдүн назик үнүн укпай калуу.
▪︎ Өч алуу - бул ак батадан баш тартуу. Жаман жолду тандап алуу. Убакытылуу жыргалчылыгыңды тандап, келечегиңди унутуу жана көптөгөн жандарга зыян келтирүү.
▪︎ Өч алуу - бул өз тынчтыгыңдан баш тартуу. Өзүңдү башкалардан жогору кою. Ичи тардыкка, көрө алстыкка жол берүү, акырында өз дүйнөңдү талкалоо.
▪︎ Өч алуу - бул жаман мүнөздү калыптандыруу. Жакшы мүнөздүү адамдарды жек көрүү. Абийирдин үнүн басып салуу. Таш-боорлук менен сыймыктануу, адамгерчиликти жоготуу.
Ушунчалык эле өч алууну каалап атсаң, өчтү Кудайга бер. Ал адамдар менен кантип сүйлөшүүнү, кандай жол менен акылга келтирүүнү бизден жакшы билет.
"Өч алам" деген сайын жан дүйнөң кыйналат. Сүйлөө маданиятың бузулат. Жүрүм-турумуң өзгөрөт. Сүйүү өз жемишин бербей калат.
Өмүрүбүздү өч алууга эмес өсүп-өнүгүүгө арнап, жүрөгүбүздүн бат карып кетүүсүнө жол бербестен, өч алуу ниеттен баш тартып, жан дүйнөбүздү жашыл бак кылып гүлдөтүп жашоого эмне жетсин 🌳🤍
Игамбердиева. Зарема

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев