Свернуть поиск
Правая колонка
=====================
Ал күндөрдү эстеген кезде жүрөгүм зыркырап турат. Сенин элесиң көз алдымдан кетпей келет. Арадан канча жыл өттү? Канча суулар агып,канча мезгил алмашты? А бирок «СЕН» жүрөгүмдөн кетпей койдуң. Миң мертебе аракет кылдым,майнап чыкса гана....
Ошол күнү ар дайымкыдай окууга кечигип бара жаткам. Капыстан чыга калган унааң менен мени коюп кеттиң. Эмне болгонун түшүнбөй эле шалдырап жатып калдым. Чуу түшүргөн эл,корккон жана аянычтуу,боорукер,жылдыздуу көздөрүң менен карап турдуң. Күйпөлөктөп ары-бери чуркайсың. Же тез жардам эртерээк келе калбады. Акыры чыдабай мени аяр көтөрүп унааңа салдың да жөнөп кеттиң.
Өзүмдү жоготуп бараттым. Көзүмдү ачсам ооруканада экенмин. Жагымдуу жылмайып мени карап турупсуң. Ошол жылмаюуңду эч качан унутпас элем...
Олуттуу деле жаракат албагандыктан бат эле айыгып калдым. Албетте сенин жардамың менен. Мына ошентип биз таанышып калдык. Тааныш эле болбосок андан артыгы эмес. Менин сага сезимдерим,сени алгачкы жолу көргөндө эле ойгонгон болчу. Бирок, сен тараптан сезим учкундарын көрбөгөндөн соң шагым сынган эле.
Бир күнү аялдамада өз каттамымды күтүп жатсам,ошол кымбат унааң менен келип токтоп, мени жеткирип коюшуңду айттың. Ичимден кубанганым менен кыз назын кылып «жок» деп койдум. Бирок сен кадалып туруп алдың. Аргасыз макул болдум. Жолдо бара жатып түрдүү кептерден баарлашып бара жаттык. Туйлаган жүрөгүмдү андан бетер туйлатып жибердиң. Сенин турган турпатың мени өзүнө арбап бара жатты. Мага ошол күнү эмне болгон түшүнбөйм,сенин бир ооз « бүгүн айланбайлыбы?» деген сөзүңө ойлонбой макул деп салбадымбы.
Окуумду да жыйыштырып,сени менен ой-кыялдарга чөмүлүп кете бериптирмин. Ошондо бул сезимдердин арты эмне менен аяктаарын билген эмес элем.
Сени кымбат баалуу унааңда өзүмдү бактылуу сезип бара жаттым. Жай музыканын ыргагында. Сейил бак араладык,стол теннисин черибиз жазылганча ойнодук. Караокеде үнүбүз болсо,болбосо деле ырдай бердик. Жаш балдарча селкинчек тээп,түрдүү оюн-зооктордо ойнодук. Кеч кирип калса да сенден ажырагым келбей турду. Мени үйгө узатып келдиң. Мен узаарда:
—Сага рахмат. Менин бороон түшкөн дүйнөмө жай алып келдиң бүгүн. Сен башкача жан экенсиң,балким жакындан таанышаарбыз- деген сунуш киргиздиң. Кубанганымдан «бырс» этип күлүп жибердим. Бул кылыгыма сен да бир каткырып жибердиң. Мына ошентип биздин махабат башталган эле...
Эрте менен ойгонсом «менин гүлүм ойгондубу? Тур эми окууңдан кечигесиң»деген сыяктуу ширин,таттуу смс билдирүүлөр менен ойгоном күн сайын. Бара-бара бири-бирибизге улам жакын болуп калдык. Сени көрбөсөм башым ооруп,көп сыгылчу болдум. Сенден бөлөк көзүмө эч ким көрүнчү эмес. Сенин демиң,сенин элесиң менен жашап калгандай туюлуп жатты. Кызык,сенде да мен сыяктуу сезимдер күчөп жатты бекен?
Күндөр жаңырып өтө берди. А менин сага болгон махабатым күч ала берди. Өзгө бир жанды тиктеп койсоң да,катуу кызганчу болдум. Өзүмө-өзүм баш бербей бараттым. Махабат деген ушул беле? Бирде туруп бакытка балкытса,бирде туруп азапка салган.
Жылуу,жумшак колдуруңду жетелеп баскым эле келе берчү. Кучагыңда ар дайым өзүмдү эркин жана бактылуу сезчүмүн. Сен өтө жумшак мүнөз элең. Менин ар бир жаман сапаттарыма сабыр кылып жүрдүң. Сенин сабырдуулугуң текке кеткен жок. Мен. Ооба,мен сен үчүн башка жан болуп өзгөрдүм. Сен да, мен да тынчтыкты сүйгөн жан элек. Жаштардын баары майрамдарда бака-шака түшүп клубдарда,кафе-ресторандарда жүрсө,а биз сенин унааңда жылуу жамынгычка оронуп,таң аттырчуубуз.
Бирок сен,коркок элең. Экөөбүздүн ак сүйүүбүздү сактап кала албадың. Атаңдын:
— Ал айылдык кедей,байкуштун кызын эмне кыласың ыя? Сени кайдагы бир бечарага баш кошуп,аны баксын деп өстүргөн эмесмин. Сөздүн кыскасы,эгер дагы да жакшы турмушта жашайм десең унут аныңды болбосо,мен алып берген нерсеңди ташта да үйдөн чыгып кет-деген сөзүнөн коркуп кеттиң. Биздин арзууларыбызды бүтүндөй талкаладың. Менден бара-бара алыстап жаттың. Сени бир көргөнгө зар болуп калдым. Сага окшогон жанды көрө калсам артынан издеп сени таппай калам. Чынын айтсам жүдөп кеттим. Жан дүйнөмдө бир ашыктык сезим баш бербей,сени күтөт. Сени унуталбайт экем. Колумдан келбеди. Эмне болсо болсун дедим да,жашоомду уланта бердим. Бирок,такыр окшободу. Кайда барбайын,кайсыл жерге баспайын сенин элесиң. Акыры таптакыр болбой калганда өзүм сага жолугууну сунуштадым...
Баштагыдай сенин кымбат унааңда олтурдук. Эми бирок баары башкача. 1-2 жыл башта ушундай болоруун билгенимде сага жоломок эмесминго.
Үн, сөзсүз олтура бердиң. Ойлуу бир чекитти тиктеп. Эх, ушу сенин алсыздыгың ай,чечкинсиздигиң ай. Мени күйдүрүп жиберет. Жаш толгон көздөрүм менен сага тигилип, качып кетүүбүздү сурандым. Ооба,мен акылдан азгандырмын,тарбия көргөн эместирмин, бирок мунун баарын баштаган ушул махабат себепчи эмеспи? Айла таппай,аргасыздан барган жолум эле. Топтоп жүргөн бугумду сенин алдыңда ыйлап чыгарып алдым.
—Эмнеге жолуктуң мага? Ошондо сен коюп кеткенде өлүп кетсем болмок экен. Мындай кыйналмак эмесмин. Эмнеге мени ошондо өлтүрбөдүң-деп сени чапкылап урганга барган элем. Сен мени кучагыңа алып,кечирим сурагандан башкага жарабадың.
—Кечир. Башында байкабай баштаган махабатыбыз мындай аяктаарын билген эмесмин. Сен экөөбүз бактылуу боло албайбыз. Анткени, биздин даражаларыбыз бөлөк-бөлөк. Ата-энем эч качан макулдугун бермек эмес. Суранам мени да,өзүңдү да кыйнаба. Өзүңдү колго ал,баарын унут. Жашоонун жаңы барактарын ач. Алдыга умтул. Мени ойлобо,мен баарын унутканмын- дедиң.
— Сага бир суроом бар акыркы жолу.
Мени сүйгөн белең?
—Жок....!!! Жөн эле кызыкчылык болгон. Мынчалык даражада болуп кетет деп ойлогон эмес элем...- дедиң.
Сени ары турттум да;
— Алдайсың....! Унутуу ушунчалык оңой дейсиңби ушунун баарын? Мен унутпайм. Мен унуталбайм. Мен жашай албайм. Анткени, мен..., мен сени сүйөм... А сен билесиңби кимсиң? Сен коркоксуң. Уктуңбу,коркок! Өкүнөм сага жолукканыма. Наалат айтам сага жолуктурган күнүмө-деп унааңдан түшүп кеттим. Сен да карап олурбай,зуулдап кетип калдың. Асман да өчөшкөнсүп жамгырын куйдуруп жиберди. Махабат азабына чалдыгып калуу эң оору экен. Асмандан себелеген жамгыр менин арманым сыяктуу куюлуп жатты. Көз жашым көл болуп,шалдырап олтуруп калдым. Бакырып ыйлап алдым. Башкалар үчүн бул нерсе жөнөкөй эле көрүнүш болушу мүмкүн бирок,чын сүйүүнүн даамын татып,махабатка мас болуп калганда гана сезет экенсиң айрылуу кандай азап экенин....
Андан бери арадан 7 жыл өтүп кетти. Мен эң сонун жигитке турмушка чыктым. Жаратканга шүгүр. Ортобузда 2 уул, 1 кызыбыз бар. Биз өтө байбыз, анткени биздин ортодо ыйык сүйүүбүз,балдарыбыз бар. Мага мындан өткөн байлыктын да,бакыттын да кереги жок....
Балким сен таштап кетпегиңде менде мындай бакыт жок болоор беле? Мен бактылуумун сага рахмат. Мени махабат азабына таштап кетсең да,сени унута албадым. Менин бүткүл дүйнөмдү өзүңдүк кылып алган экенсиң. Аны дале өзүмдүк кыла албай келем. Мен эми жан дүйнөмдө махабат азабында өмүр бою азап чегем өңдүү...

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9