Свернуть поиск
Правая колонка
1-БӨЛҮМ
Айпери мектептен келе жатып, көчөнүн баш жагында теңселип араң баскан апасын көрүп, Нурландан уялып жүзүн ала качты. Анын бул кылыгын байкап калган Нурлан:
– Сага эмне болду, Айпери?,- деп ага суроолуу карады.
Кыз ансайын жигитинен уялып, алыста келе жаткан апасын бир карап, аны бир карап алып кандайча тетири бурулуп басып кеткенин өзү да байкабай калды.
Нурлан эч нерсени түшүнө албай, ал жерде бир аз туруп, анан Айперинин аркасынан жөнөдү. Аңгыча алыста колуна эки чака көтөрүп, арыкты көздөй келе жаткан Нурландын апасы Салия капыстан баласын байкап калып:
– Ай, Нурлан, сен алдагы аракечтин кызынын аркасынан ээрчигениңди качан коёсуң? Жок дегенде адамдай бирөөнүн кызынын аркасынан чуркасаң боло, намыска тийбей,- деп кыйкырып калды.
Нурлан апасынын сөзүн анчейин деле этибарга албай, тез-тез басып бараткан Айперинин аркасынан зорго кууп жетип:
– Токточу, суранам сенден,- деп жалооруй сүйлөдү.
Кыз болсо жер караган бойдон кете берди.
– Айпери, токточу,- деп Нурлан анын колунан тартты.
– Коё бер дейм.
– Сага эмне болду?- деп жалооруп тиктеген жигиттин көз карашы Айперини бир аз жоошута түштү.
– Эмне болду. Айтсаң...
Өзү теңдүү кыздардан сырткы келбети менен өтө эле одоно айырмаланып турган ай жүздүү, атына заты жарашкан кыздын карагаттай көздөрүнөн таңында капыстан бир нерсе тийип кеткенде кызгалдактын сулуу гүлдөрүнөн жерге кулап түшкөн шүүдүрүмдөй болуп бир-эки тамчы жаш куюлуп кетти.
Махабатынын көз жашын көргөн жигиттин да заманасы куурула түштү. Экөө бир топко чейин унчугушпай турушкандан кийин Айпери:
– Нурлан,- деп акырын гана үн катты.
Нурлан үндөбөй кызды карады.
– Сен үйүңө бара берчи.
– Эмнеге?
– Бекер апаңдан тил угасың.
– Эмнеге тил укмак элем?
– Мен үчүн.
– Сен үчүнбү?
– Ооба, мен үчүн.
Нурлан Айперинин сөзүнө көп түшүнө албай туруп калды.
– Сен билесиңби? – деп кыз сөзүн улады. – Чынын айтсам, мен сага айта турган сөзүмдөн өзүм дагы уялып турам.
– Эмнеге?
– Эмнеге дейсиң да. Сен өзүң ойлонуп көрчү.
– Эмнени?
– Бир эле мисал. Сенин апаңды кара, анан тигил жакта келе жаткан менин апамды кара. Айпери алыста эч нерсе менен иши жок теңселип араң басып жүргөн апасын көргөздү.
– Эмнесин карайын?
– Жүрүш-турушун. Менин апамдын оюнда арактан бөлөк эч нерсе жок. Же эл сыяктуу айылдагы өзү теңдүү аялдарга кошулуп, ээрчишип бирге баспайт. Же мени ойлобойт,- деп али өспүрүм Айпери бир топ жашка барып, башынан көп нерсени өткөргөн адамдай болуп сүйлөп, анан көзүнүн жашын төгүп-төгүп жиберди. Бул көз жаш негедир Нурланга жаңы эле таң атып, күндүн нуру жерге жамалын төгүп жатканда капыстан күн бузулуп, болгон сулуулукту уйгу-туйгу кылып жиберген шамалды элестетип, кыздын көзүнөн тамган тамчы жашты карай албай заманасы куурула түшүп:
– Койчу, Айпери, суранам сенден,- деп аны кучагына тартып жатса, аны жондон ары бирөө таяк менен бир салды. Караса, аркасында апасы колуна билектей таяк кармап туруптур.
– Мен сага канча айтам. Ушул кызга жармаштың да калдың. Тигил жакта жакшынакай кызга куда түшүп, биз далбастап жүргөндө сенин азабың өттү го. Бас үйгө,- деп Салия баласын жулкулдатты.
Бир чети апасынын таягы жонун тызылдатып, бир чети өзүнүн алгачкы махабатынын көзүнчө токмок жегенине ызаланган Нурлан:
– Барбайм!- деп көгөрүп сүйлөдү.
– Эмнеге барбайт экенсиң, барасың,- деп Салия баласын таяк менен чаап-чаап жиберди.
– Барбайм, мен сенин үйүңө такыр барбайм, кудалаган кызыңды да албайм,- деп Нурлан ызаланып, тетири бурулуп чуркап жөнөдү.
– Барбасаң барба. Мен дагы, атаң дагы аракечтин кызына жолобо деп миң айттык. Карачы, айылда канча киши сага суктанып жүрүшөт. А сен кайдагы бир аракеч, кембагалдын кызына жармаштың да калдың. Болочок кудаларга уят кылганга жараша кишидей бирөөнүн кызын жандаганга жарабайсың.
Аңгыча аз узап кеткен Нурлан токтой калып, апасына:
– Аракеч болсо апасы аракеч, бирок Айпери аракеч эмес!- деп жиндене кыйкырып, анан бир аз унчукпай тургандан кийин кайрадан:
– Апа, сен мени экинчи көрбөйсүң. Айпери, кечир,- деп болгон үнү менен бир кыйкырып алып, жолун улады.
Жигитинин бул сөзү Айперинин жүрөгүн солк эттирип да жиберди. Балким, жаш кыз бир нерсени сезгени менен, бирок этибарга албаган деле жок. Бирок негедир ички дүйнөсү тынчтык бербей турду. Ушул кезде ал бардыгына кайыл болуп, Нурландын аркасынан аткан октой сызгысы келди. Бирок куру намыс менен мисирейген Салиянын көз карашы анын бутун тушап турду.
Эне жүрөгү дагы капилет бир зырп этип алганы менен, ким эле баласын жамандыкка кыйсын. Ал Айпериге дагы шек алдырбай:
– Энеси кандай болсо кызы да ошондой болот,- деп жинденип алып, колуна эки чакасын алды да жолун улады.
Жанатан Салия менен Нурланды карап, эмне кылар айласын таппай турган Айпери эми бир аз эсин жыйгансып, үйүн көздөй басмакчы болгондо Салия:
– Ай, Айпери. Сен уулумдун башын айлантпагының. Эми бир жолу менин балам менен ээрчишкениңди көрсөм таарынбагының. Андан көрө энеңдин арагын койдурбайсыңбы. Көчөдө жигит жандап жүрбөй барып, почтадан пенсияңды ал. Атасы өлгөн сендей жетим балдардын акчасы келиптир. Апаң алса дагы ичип жок кылат, сага жигит жандаганды ким коюптур, – деп узун бойлуу, арыкчырай, каркырадай моюну бар, кара чачтуу, эки көзү карагаттай жайнаган, кирпиктери буралган, апакай жүздүү, оймок ооз Айперини карады. Канчалык ал бейкүнөө кызды жек көрүп турса дагы, бото көз сулуунун чырайына уулу эмес, өзү да суктана түштү. Бирок сыр алдырган жок.
Айпери болсо өзүн ушунчалык жаман сезип, аккуунун мойнуна окшош салаалары менен көзүнүн жашын сүртүп, дароо үйүн көздөй жөнөгүсү келбей айылдын көлчөсүнүн жээгинде бир-эки саатча отуруп, анан келсе апасы күндөгүдөй эле мас. Эс-учун билбей, этек-жеңин жыйганга да алы келбей, уктап жатыптыр. Үйдүн ичи арак эле буркурайт. Кыз акырын дабыш чыгарбай наркы бөлмөгө кирип, кийимдерин которунуп алып, айылдагы почтага жөнөдү. Өзүнө тиешелүү жүз элүү сомду алып келе жатып, апам акчаны көрсө бир күндө ичип жок кылат деген ой менен дүкөнгө кайрылды. Бир куту чай, бир килограмм кумшекер алып жатса дүкөнчү:
– Апаңдын карызын бере кет,- деди.
– Канча? Айпери бозоро түштү.
Дүкөнчү келин үстөлдүн алдынан бир дептерди алып чыгып:
– Беш жүзгө жетип калыптыр,- деди.
– Менде болгону жүз элүү эле сом бар.
Дүкөнчү келин Дамира бир аз ойлонуп туруп анан:
– Ал жетпейт да,- деп наалып алды.
– Жетпейт… Кыз капа болуп жер карап туруп калганда:
– Анда эмне кыласың? Апаңдын карызынан кантип кутуласың?
– Билбейм, - деп капаланып турган кызга Дамира:
– Же мага иштеп бересиңби?- деди.
– Эмне иш?
– Короомду чөп басып кетти. Жазындагы отоо чөптөрүн билесиң. Эгер сен менин короомду отоп, анан үйүмдү актап берсең, мен карызды кечем.
Айпери бир аз унчукпай ойлонуп туруп калды.
Уландысы бар...

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 13