Свернуть поиск
Правая колонка
Ар бир кыргыз жаштарына мындай аруулук насип этсин Биринчи түн Бүгүн алардын биринчи түнү. Буга чейин алар болгону кумарлана өбүшүп, кыса кучакташып улам коштошуп, бирок, ажыраша албай жетелешип жүрө беришчү. Алардын жолугушуусуна кар, жамгыр, туман, ал тургай кыздын чоң энеси айткандай таш жааса да тоскоол боло алчу эмес. Бири-бирине канчалык тартылбасын экөөнү өтө жакындатпай кандайдыр сөз менен айтып жеткире алгыс бир күчпү, же уятпы, айтор, бирдеме тыйып турчу. Айрыкча жигит кызга болгон эркектик каалоодон каны башына тээп, баарына кол шилтеп салчу абалга жетээр эле. Андайда кызынын бүлдүркөн эриндерин соруп, кымча белин кычырата кучактап, чачтарын уйпалай чоло жерин койбой тиштегилеп, жанын көзүнө көрсөткөн таттуу каалоодон онтоп жиберчү. Кыз адебиби же чыдамкайлыгыбы, сүйгөнү аны: - Шашпачы, жаным, жакында мен бүтүндөй сеники болом. Ага чейин чыдап кой. Сен мени сүйөсүң да. Көз ирмем кумардын кулу болуп, мени бүт өмүр абысындарымдын, жеңелеримдин алдында кепке кемтик кылбасыңа ишенем, - деп муңайым жумшак үн менен ысык шыбырай токтотчу. Тердеп, бүт денеси титиреп, ички күчтүү каалоодон калчылдап чыккан боз уланды ушул куркулдайдын үнүндөй токтоо үн, эстүү сөз эсине келтирчү. Мына ушинтип зарыктырган күн да келди. Үлбүрөгөн макмал көшөгөдө анын бактысы отурган эле. Бирок ага жеткире койбой шыпылдаган жеңелер, элечеги шып тиреген байбичелер улам бир ырымын жасап, жигиттин акыркы чыдамын сынап, аны мазактап жаткандай колуктусуна жолукчу ажайып учурду кечиктирип артка сүрө беришти. - Күйөө кайда жүрөт?-деген жеңесинин үнүнөн жигиттин аза бою дүркүрөп кетти. Кызык, зарыгып күтүп жатса да учуру келгенде негедир апкаарып шашып калды. Достору каткыра "бар, бизди уят кылба, дос. Мындай учур бир келет" деп сүрөп калышты. Жеңеси жумшак, табышмактуу жылмая унчукпай баш ийкеп ээрчитип жөнөдү. Күңүрт жарык үйгө киргенде ысык чай, куурулган жумуртканы алдына койду да, "жеп ал, уул, күч болот. Бул набат чай, калтырбай ич" деди дагы эле табышмактуу жылмаюусун ууртунан өчүрбөй. Жигиттин тамагынан азыр эчтеме өтмөк эмес. Өзүн зордоп кичине жеген болду. Чай абдан таттуу экен, ошону гана калтырбай аптыга жутуп жиберди. "Өзүңдү бекем карма, басып жата бербей кыз чыңырганда тура кал. Эшикти илбе. Жарыкты дароо жаккын" деди өктөм үн менен жеңеси. Анан шарт чыгып кетти. Жигит акырын күн бою көз жеткис көк жээктей зарыктырган көшөгөгө жакындады. Негедир көшөгө да калтаарып сүрдөп, титиреп жаткандай сезилди. Колу тиери менен толкуй серпилген көшөгөдөн биринчи эле көзүнө урунганы аппак жоолук жамына бүрүшүп отурган кыз болду. Бир бурчка үрккөн улактай тыгылып алыптыр колуктусу. Демейде, ой-боюна койбой эркелеп, мойнуна асыла берчү кыз азыр чоочун өңдөнүп чочулап турду. - Коркуп атасыңбы? - деди кызды колунан кармай. Кичинекей алакандар тердеп, болоор- болбос титиреп туруптур, - Коркпо, баары жакшы болот. Кел, өзүбүздүн ырыбызды ырдайбыз. Кыз күлүп жиберди. - Булар жиндеп кеткенби дешпейби?! - Биз акырын, эч кимге угузбай ырдайбыз, кел, - Жигит колуктусуна ыктай отурду. Экөө акырын ырдап киришти. Болгону эки сабын араң ырдашты. Жигит кыздын бал эриндеринен акырын өптү. Бооруна кыса кучактап чачынан сылады. - Сен коркпо, өзүңдү эркин карма. Биз күнөө кылып жаткан жокпуз, ыйык парзыбызды аткарып жатабыз. Балалуу болууга жасалган биринчи кадамыбыз ушул. - Корккон жокмун, апкаарып турам... - Жигит кыздын сөзүн акырына чыгарбай эринин соруп, шуудураган атлас көйнөгүн ийининен шыпырды. Аппак көкүрөгү, алкымы жарк эткен кыз өзгөчө сулуу эле. Али суук кол тийбеген бөдөнө тумшук ак мамактар тирсийе титиреп жигитти эс акылынан адаштырып баратты. Күйөө ысык эриндери менен колуктусунун бала эмбеген үрпүнөн аймалай өөп, сындырып алчудай абайлай акырын кош мамагын кармады. Алаканга толуп толбогон керемет алмалар ысык, чың, ушундай бир өзгөчө жылмакай эле. Сулуунун ошол керемет алмалары, эки колдоп кармасаң бир оролгон кымча бели, топчудай киндиги көрктөгөн сыйда курсагы, сүт тепкен ууз сандары терезеден түшүп, кызгыч көшөгөнүн өңүнөн улам кызгыч тарткан айдын шаңынан капылет адам торуна түшкөн суу перинин денесиндей ажайып көркөм эле. Жигит өрттөнүп бараткандай ысуулап, колдору өзүнөн-өзү ылдыйлап, кыздын сандарын сылагылай энтикти. Колуктусу назик онтой, анан өз эркинен сырткары жигиттин өрттөнгөн ысык денесине ыктады. Эки дене бири-бирине биригүүгө умтулуп, эриндер чопулдап, колуктунун эки буту өзүнөн-өзү ажырай берди. Ушуну гана күтүп тургансып ок жыландай атылган бир үзүм жалын кыз денесине башбакты. Катуу, ысык, жан чыркырата оорутуп, эстен тандыра табышмактуу жыргаткан бул бир үзүм жалын жигиттин күйөөлүк озуйпасын аткарткан, урук таштап адам тукумун жарата турган эркектик кудурети эле. Эки бут менен бекем катылып, кыздын кыздык улуу касиетин сактаган, өмүр улаган адам жарыкка келген керметтүү үңкүргө ушул түнү биринчи жолу бир үзүм жалын башбакты. Кыздын жигит мойнуна оролгон колдору бошоң тарта, тумчуга онтоду. Булар эми кудай кошкон жуптар эле.
Жакса класс басыңыз!

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4