Свернуть поиск
Правая колонка
Саламатсыздарбы? Мен бул группадагы окуяларды окуп озумдун турмушумду жазгым келди.Жаштарга адашпагыла,сабак болсун дейбизби,айтор созум башынан болсун.Мен 20 жашка чыгарда бир эле коргон озумдон 9 жашка улуу жигит ала качып отуруп калдым.Жашап 3у ай болгондо кош бойлуу болдум.Анан жарым жыл отпой жолдошумдун мурда уйлонуп 2 баласы бар экенин уктум.Аялы келип сен токолсун,тийгенди билгенден кийин балдарын бакканды да бил деп балдарын таштап кетти.Стресс болдум,кетип калайын деп ата энемди намыска калтыргым келбеди.Кайын журтума айтсам чыдаганын жаша,чыдабаганын кет деди.Аялы тынбай чалып,покой бербеди.Эптеп торогучо чыдадым,кыз тородум.Анан торкунумо келе бердим.Эми бир да эркекке ишенбейм деп журдум.Кызым 3ко чыкканда жашоомдо бир жигит пайда болду,бирок ал бойдок эле.Менин кызым бар дегениме болбой уйлонуп алдык.Кайн журтум каршы болуп журуп акыры унчукпай калышты.Уулдуу болдук.Жакшы жашап журдук.Бирок жашообуз копко узабады,жолдошум шаар коруп ар кандай кыз келиндерди коруп бузула баштады.Козум менен коргондон кийин жашоого конулум болбой калды,ажыраштык.Эми мен эки куйоодон чыктым,турмушка чыкпайм деп озумо соз бердим.Бул созумдо тура албадым.Дос кызымдын жигитинин туулган кунуно барып анын досу мн таанышып калдым.Дос катары суйлошуп бири бирибизди жактырып калдык.Кыз жигит бп суйлошуп журдук.Ата энеси,туугандары эки куйоодон чыкканымды угуп калып чалкасынан кетишти.Алардын каршы чыкканына карабай мечитке барып нике кыйдырып жашап алдык.Бир куну жолдошум жокто кайненем мн кайнежем квартирага келип чачымдан жулуп тепкилешти.Сен ойлобо,сени уйумдун босогосун аттаткыспайм.Сени келин кылып кабыл алып элге шерменде болгуча олуп бергеним жакшы деп иттен алып итке салды.Баласы учун элден намыстанып жатканын туура тушунуп унчукпадым.Ошентип шаарда квартирада жашап уулдуу болдук.Куйоомдун тапканы жетпей акчадан кыйналдык.Анан балам 1 жашка чыгаарда жолдошума айттым,мен да иштейин баланы ата энене 2 жылга берип тур карап берсин иштейли деп.Жолдошум уйундогулоруно айтса кайнежем мен биротоло алам дептир.Себеби анын 4кызы бар,эркек баласы жок болчу.Мен ал кайнежени биринчи коргондо эле расписка жазып бер мен багып алам деди.Анан мен жолдошума айттым,биз мындай суйлошподук элего деп.Кайнежем болсо,сага кандай айырмасы бар жолдошундун ата энесинде болобу,бир тууганында болобу,лишь бы бакса болду да деп.Кыскасы ар нерсени айтып атышып расписка жаздырып метиркасын да куйоосунун фамилиясына откоруп Россияга алып кетип калышты.Баламды бергениме 7ай болот жакында.Балам,1.5жашта.Азыр 6айлык боюмда бар,мурунку турмуштан кызым 10жашта,ата энемде,атасы каралашпайт,уулум 5те биз мн.Жолдошум боюмда бар экенин кайн журтума айтпай атат,торогонундон кийин айтабыз деп.Мен боюмда болуп калганын билгенимде уулумду кайнежеме бербейт болчум.Иштейм деп берип алып эми окунуп атам.Эч бир фотосун жиберишпейт.Баламды бергенден бери менин жашоом кызыксыз.Сагыныч,кусалык мени кыйнап бутту.Апам болсо кейигенимди коруп,ыйлаба андан коро ичиндеги баланы ойло,балана зыян деп сооротот.Арман кылганым,окунгонум : Эмне учун менин балдарым бир атадан торолуп,бир уйбуло бп жашабайбыз?Неге менин жашоом элдикиндей эмес? Ушул суроо оюмдан кетпейт.Кудайыма жалынып ыйлайм,Кудайым ушунча чырактай балдарды бердин,бирок неге бир эле турмушумдан эмес деп.Азыр жолдошум мн жашаганыма 3.5жыл болду,бирок ата энесинин босогосун аттай элекмин.Торосом жашоом оз нугуна тушор деген узулбогон умут мн жашап келем.Бирок жолдошум экообуз жакшыбыз.Аз калды чыда,бир куну тушунушот деп конулумду которуп коет.Эмне кылсам,башым катты...

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 17
Эрдин баланын санын кобойтпой
Ажырашкан дагы башкага тизесин, андан дагы төрөйсүң да
Эми чыдап ушу турмушунда кармап кал