Свернуть поиск
Правая колонка
📍Аз жеп, ачка жүрсөң...
Бир жолу даанышман адамдан сурашат:
— Сиз эмнеге дайым орозо кармап жүрүсүз? — дешет.
Ал жооп берет:
— Мен алты кишиге алты түрдүү суроо берип, алардын бирдей жооп бергени мени орозо кармоого шыктандырды, — дейт.
Адамдар кызыгып сурашат:
— Ал кайсы суроолор эле?
Ошондо ал мындай деп жооп берген экен:
1. Дарыгерлерден сурадым: «Ден соолукка шыпаа болгон тамак кайсы?» – десем, алар: «Аз жеп, ачка жүрсөң, оорудан алыс болосуң»– деп жооп беришти.
2. Алла Таалага көп ибадат кылган такыба адамдардан сурадым: «Силер бул даражага кантип жеттиңер?» – десем, алар: «Аз жеп, ачка жүрүү менен»– деп жооп беришти.
3.Даанышмандардан сурадым: «Канткенде сөздөрүм адамдардын журокторуне таасир берет?» – десем, алар: «Аз жеп, ачка жүрүү менен»– деп айтышты.
4. Дүйнөнүүн азгырыктарынан узак турган зөкө талдуу аскеттерден сурадым: «Силер кандайча бул даражага жеттиңер?» – десем, алар: «Аз жеп, ачка жүрүү менен» – дешти.
5. Аалымдардан сурадым: «Канткенде Куран жана хадистерди тез жаттай алам?» – десем, алар: *«Аз жеп, ачка жүрүү менен» – деп жооп беришти.
6. Падышалардан сурадым: «Кандай тамак эң таттуу?» – десем, алар: *«Күндө жеген бал да таттуу болбой калат. Бирок ачка адамга суу да эң таттуу!» – деп жооп беришти.
Напси эч качан ачка болуудан башка нерседен басҹнуп, момун боло албайт.
📍Орозонун берекеси
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты:
> "Адам баласы үчүн ашказанын толтуруудан өткөн зыяндуу нерсе жок. Адам өзүнө азыраак тамак менен гана жетишсе жакшы. Эгер жей турган болсо, ашказанынын үчтөн бирин тамакка, үчтөн бирин сууга, үчтөн бирин дем алуу үчүн калтырсын." (Тирмизи, "Зухд" 47)
Орозо – бул руханий тазалануу, напсини тарбиялоо жана Алла Таалага жакындоо. Кимде-ким ыкластан орозо кармоого ниет кылса, анын ниети кабыл болсун. Ыйык Рамазан айы сизге, үй-бүлөңүзгө ырыскы, береке, бакыт алып келсин.
🤲🏻Дуба:
Оо, Аллахым! Орозобузду, түнкү ибадатыбызды кабыл кыл! Күнөөлөрүбүздү кечир! Өзүңдүн мээримиңди жана ыраазычылыгыңды бизге насип кыл! Бизди жакшы адамдар менен бейишке киргиз! Оо, улук жана кечиримдүү Зат Аамиин!
🧕 Даярдаган: Насиба Абдуллаева

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 14