Свернуть поиск
Правая колонка
1- бөлүм
( Тагдыр)
Жашоого бир назар салып , баштан аяк кезде эскерип турган күндөрүм бул мен үчүн кадимки күндөгү кайталанып турчу ар күнүмдүк жумуштарым сыяктуу эле. Кубанычым да кайгым ,жыргалым да азабым дайыма жадымда жүрөт. Адам болуп жашоого бут таштоого тараза болуп бергендей сезиле берет . Байлыкка туш болгон кезде өзүн тааныбай калган күндөр менен жок болгондуктан да өзүн жоготуп алган адамдар көптөп табылат . Ааламда толо жүрүшөт, болгону алар баарын унутуп жаңы жашоо менен бул өмүрдү жыргалчылыкта өткөрөм - деп , өздөрүн өмүр бою азапка салып алдап жатканын сезбеген жандар. Тирүүлүктө бул агарып аткан таң ,кызарып баткан ар бир күндү көрүү өзү бакыт эмеспи. Убакыт келсе дал ушул бакыттан ажырап калган күн келет. Ал эми кара жанды карч уруп өлбөгөн жанга , өзүбүздү ташка чаап бар ырыскыбызга шүгүр кылбай акырындап ден соолукка залал алып келет экенбиз, бирок анда кеч болуп калганын кайдан гана билебиз. Болгону өзүңдү сүйүп ,абайлап аз да болсо чыныгы адам деген жашоого кайтып келет экенсиң - деп каарманыбыз сөзүн баштады. Жылмайып турган кебетеси нурлуу жүзүн андан бетер адамга сүйкүмдүү кылып көрсөтүп жаткандай ,бетинде бир да боёк же косметикалык каражаттар колдонулбаганы көрүнүп турат. Ак аралап бараткан чачы дале элдерчелеп кыркылып же краскаланып болбосо хна да сүртүлбөгөн. Табийгый сулуулук менен жашап жатканын далилдеп турат.
- Эх - деп ,оор күрсүнүп алды да сөзүн баштады. Көз алдында баары өтүп жаткандай гана бирде , ойлуу бирде күлүп, бирде көзүнөн томолонуп аккан жашка эрк бере албай жатты.
Жупуну гана таштак жолду чаңы көктү карай сапырылган, айылда бир чабандын үй бүлөсүндө тентек кыз болуп жарыкка келген экенмин. Ата - апам колхоздун малын багып ,кышында кыштоодо болсо , жайында жайлоого көчүп кетишчү. Ал күндөрдү көз алдыма көп тартып айтып бере албаганым менен элес - булас көз алдымда калганын кошуп өтөйүн. Анткени Союздун каймагы болуп толук калкып чыга албасам да жаңыдан каймактап баштаган кезде эгемендүүлүк - деп ,канчалаган кыйынчылык күндөрдү адамдарга тосулган сууну коюп жибергендей эле тосмону ачып жиберип ар ким өз нугун карай аккан учурга туш келген балалык эмес беле. Ал кезди элестетип көз алдыга тарткан сайын кандайдыр бир бактылуулуктун жана адамдардын арасында ынтымактын баардыгын азыр гана айырмалап жетип олтурам. Айылга келген концерттер жана майрамдар көз алдыма аз болсо келе түшөт. Тапкан жаңы кийимдерди кийип алып жетелешип жөнөчү элек го чиркин. Мен чоң ага эжелерим канча болсо бөбөктөр да жок эмес эле. Бирок абдан шок , урушчаагы мен болсом керек. Күчүм жетпей баратканда баса калып тиштеп канча жаш балдарды да сабап салчу элем . Майрамда оюн күлкү ,эңиш тартыш, күрөш жана да аялдар да күрөшкө түшүп эңишке чыкканын көрөр элем . Кыз куумай дегендер да четте калуу эмес дегиси каада салтка жакшы көңүл бурулган кез беле же токчулуктун бир белгиси беле айтор көз алдымда калган эң кызык күндөрдүн бири. Нооруз үчүн ар бир айыл бөлүнүп алып жарышып кандай гана майрамдашчу. Жумушта дал ошондой . Жаштардын жүздөрүнөн күлкү уялап , ушунчалык бактылуу көрүнчү. Жай мезгили келгенде айылда чоң майрам өтүп жаткандай сезилчү мага. Тоо боорунда тизилген шурудай ээрчишип чоң машиналар , жаштардын шаңкылдаган күлкүсү , озондоп ырдаган ырлары угулуп турчу. Алар колхоздун малы үчүн тоют даярдап жаткан экен көрсө. Мен ал кезде өзүм иштебесем да балалык көзүм менен тойбой суктанып карап гана калып кетти. Бул болгону эсимдин кирди - чыкты учурдагы көз алдымдагы тасмалардын бири . Дегиси сөз жеткирип толуктап айтып берүү мага оор. Бирок жашоонун кадыры бийик жана бирдей болгон учурдан үзүндү экен го атаганат.
Бирок мектеп босогосун аттап балалык бакыт менен ширелишип билимге суугарылган кезде жашоо нугу таптакыр башка тарапка ооп кетти. Бара - бара эс токтотуп акыл сиңип ,мээ ойгонуп баштаган учур кулундан тайга айланып жаткандай эле сыяктуу. Тагдырдын тамашалуу мыйзамына чөгөлөп баш ийип бергенден башка жол жок экен. Жаңы гана Октябрадан пионерге өтүп кызыл жагоо байлап ,значогун тагынган кезде Союз талкаланып Эгемендүүлүк алган күнгө дуушар болдук. Мына ушул күндөн чоң союл менен башка чапкандай эле оор турмуш кара казанын башка көмкөрүп салгандай эле болду. Жокчулук чепкенин этегине олтургузуп сүйдүрөп жөнөгөндөй эле боло түштү. Магазинде нан жок эрте менен келсе кечке калбай түгөнүп кезектешип адам санын карап бөлүнгөн нанды алып келип жеп калдык. Ал да узакка созулбады. Акча чыкты бир кап акчаны көтөрүп алып жүргөн ата энелерибиздин көрдүк го.. Мына мындан ары жашоо жолун бирдей баскан мен сыяктуу эки замандын каарманы гана түшүнбөсө башкалар үчүн бир жомоктой эле болсо керек.
Уландысы бар
Урматтуу окурмандар кызыктуу болсо комментарий калтырыныздар...

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7