Свернуть поиск
Правая колонка
6-БӨЛҮМ.
Коншуларын, дос, тентуш, жакшы санаалаштарын да унуткан жок. Белек-бечкегин арбын алып, эртен кудай буюрса, уйдо отуруп калам деп кубанды.
Марат конумуш адаты менен бугун да эшикте тамеки тартып отурган. Жанына пайда болгон солокотту коруп чочуп кетти. Ордунан тура калды эле, мандайындагы караан аны ийинден ылдый басты. Марат ага унуло карады.
- Тааныбай калыптырсынбы?
- Сенсинби? Сенби?
- Менмин, ойлогон жок белен жолугам деп?
- Жок.
- Жашоодо ойго келбес нерселер коп болот. Марат унчукпай тамекисин кайра куйгузду.
- Кайдан келдин?
- Тиги дуйнодон дейсинби, сен жургон жерде, мен деле журом.
- Жо, дабышынды билгизбей дейм, кел отур.
- Отурдум. Оор ушкурунду.
- Эмнеге келдин?
- Сени коргону, мен кундо келем го.
- Кантип, кундобу? Мен корбойм го.
- Сен корбойсун, а мен сага кунуго келип кетем.
- Бары унутулса делеби?
- Сен унуткансын, а мен унута элекмин.
- Кандайча, мен сени унутса керек дегем.
- Жаныласын, мен баарын эстедим, жакында эле.
- Ал эмне дегенин? Сени оорулуу болуп калган дешпеди беле? Айнура билеби?
- Айнуран эмнени билет? Билбейт. Оорулуу болгом, себебин билесинби? Билгин келеби?
Марат унчуккан жок. Мираны коруп эле дал болуп калган. Анын суроолоруна оозуна келген эле соз менен жооп берип жатты.
- Сен экообуз жолугуп, сен уйлоном деп, алдап кеткенин эсиндеби? Марат тумчуккандай ун дебеди.
- Сен эмки келгенде уйлоном десен, а мен сага ишенип... Корсо, Айнурга уйлонмок турбайсынбы. Кийинки айылга келгенинде, сени куттум. Сен келген жоксун. Сени уйлонгону келиптир деп угуп, кубанганымды айтпа. Ого бетер сени куттум, ошондо боюмда бар болчу.
- Эмне-е? Боюмда бар болчу дейсинби? Менденби?
Сенден, сенин балан.
- Кайда? Анан... Бала. Марат ордунан тура калды.
- Билбейм... Мира козунун жашын сурто, отура кетти.
- Уйдон бироо чыгып калбасын. Марат эми эсине келгендей уй жагын карады.
- Чыкпайт, алар сен эшикте жургондо чыкпайт.
- Кайдан билесин?
- Мен сага кундо келем. Бугун да сени коргону келгем.
- Эмнеге?
- Озум да билбейм.
- Бала кайда анан, эгер менин балам болсо...
- Аны билбейм... Эстей албайм. Мира ордунан туруп басып кетти. Марат аны узата карап кала берди. Кызык, Миранын акыл-эси жайында эле турбайбы? Тошоктон турбайт дешпеди беле? Айнура деле коруп келип журбоду беле? Жинди болуп калыптыр деп... А баласычы? Меники? А чындап эле меники болсочу? Мира башка эч ким менен деле суйлошчу эмес да. Демек, окуусун ошого таштаган тура. Барынан да балам... Эмне болгон? Мира дагы келет болду бекен? Мен барсамчы? Келет дагы, кунуго келчу тура. Мараттын ою онго, санаасы сансыз болунду. Оюнан Мира кетпей койду. Боюмда бар болчу, сени куттум, уйлонот экен дегенде кутконумчу деген Миранын создору кулагына жанырып туруп алды. Сенин балан, сеники, улам-улам ар тараптан ундор угулгансыйт.
Уландысы бар

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6