Свернуть поиск
Правая колонка
Аллах айтат: "Пендем мага кандай күмөндө болсо, мен ал үчүн ошондоймун" - деп.
Дагы бир хадис кудсийде Аллах айтат: "Пендем мени кандай тааныса, ага ошондой мамиле кылам "дейт.
Эгер "Аллах мага берет, мени кечирет, мени угат, мени көрүп турат, мени айыктырат - деп ойлосоңуз берет.
"Мага Бербесе керек, мен кечиримге татыктуу эмесмин, кантип бул оор оору айыгып калат эле, качаан болот эми " - деп күмөндөнсөңүз, ойлонсоңуз Аллах дагы ойлонот "берсем бекен же бербесем бекен" -деп.
Демек сиз Аллахка жакшы күмөндө боло бериңиз. Сурап жатканда мага сөзсүз берет деп сураңыз. Аллах сиздин каалооңузду четке какпайт. Ал пендесинин чын жүрөктөн сунган колун кур калтыргандан уялат.
Анткени Аллахтын убадасы бар: "Силер сурагыла, Мен сөзсүз беремин "деп. Болгону сурагандын жолун билиңиз. Бир эле шек - күмөн дубанын кабыл болбоосуна себеп болуп калуусу мүмкүн. Сиз ушундай ишеним менен кайрылыңыз жомоктогу мужизалар болуп калган сыяктуу Аллахтын кудуретине, улуулугуна тан берүү менен кулагыңыз, жүрөгүңүз сырттагы болот - болбойт деген күмөндү укпасын. Сөзсүз болот деп ишенип Аллага тапшырыңыз калганын Аллах бизге эмне жакшы, эмне жаман, кайсы күнү, кайсы учурда, бул дүйнөдөбү же акыреттеби береби Өзү билет. Биз үчүн жакшы деп каалаганыбыз эмес, Аллах калаганы болот ....
БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7