2023-жылдын февралында Чертанов райондук соту кыргызстандык Баяман Медетбековду 5 миң рублга айыпка жыгып, “Орусиядан чыгарылсын” деген чечим чыгарган. Бирок мигрант жигит бул чечимге макул болбой, укук коргоочулардын жардамы менен кийинки инстанцияга кайрылган. Жакында Москва шаардык сотунда бул иш каралып, мурдакы чечим жокко чыгарылды. Баяман Орусия аймагынан чыгарылбай турган болду.
Баяманга тажикистандык укук коргоочу Мухаммаджон Собиров жардам берген. Ал мигранттарды укугун тебелетпөөгө чакырды. Собировдун айтымында, 2023 жылдын январынан тарта депортацияга байланыштуу 170 чукул ишти соттон утуп алышкан.
Видеону “Азаттыктын” “Мигрант Медиа” долбоору даярдады
Чет жердеги журтташтар!
Эгер биз менен бөлүшө турган ийгилигиңиз же көйгөйүңүз болсо “Мигрант Медиа” долбоорунун +996 556 113 317 номерине WhatsApp/Telegram аркылуу жазыңыз.
https://www.youtube.com/watch?v=Q3N4mE2dL0k Баткен коогалаңынын актай барактары (2-бөлүм) https://www.youtube.com/watch?v=Aec3mNAmfcc Баткен коогалаңынын актай барактары (3-бөлүм) https://www.youtube.com/watch?v=dy3WRH2vH2E Баткен коогалаңынын актай барактары (4-бөлүм) https://www.youtube.com/watch?v=mGw5MjwSm4k
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3