ОРУСИЯДАГЫ СОТТО ӨЗ УКУГУН КОРГОП КАЛГАН БАЯМАН
2023-жылдын февралында Чертанов райондук соту кыргызстандык Баяман Медетбековду 5 миң рублга айыпка жыгып, “Орусиядан чыгарылсын” деген чечим чыгарган. Бирок мигрант жигит бул чечимге макул болбой, укук коргоочулардын жардамы менен кийинки инстанцияга кайрылган. Жакында Москва шаардык сотунда бул иш каралып, мурдакы чечим жокко чыгарылды. Баяман Орусия аймагынан чыгарылбай турган болду.
Баяманга тажикистандык укук коргоочу Мухаммаджон Собиров жардам берген. Ал мигранттарды укугун тебелетпөөгө чакырды. Собировдун айтымында, 2023 жылдын январынан тарта депортацияга байланыштуу 170 чукул ишти соттон утуп алышкан.
Видеону “Азаттыктын” “Мигра
  • Класс
ОРУСИЯДА ТАКСОПАРК АЧКАН КЫРГЫЗСТАНДЫК КЫЗ
33 жаштагы Тандагүл Мурзабаеванын Орусияга барганына он жылдан ашты. Алгач пол жууп, кийин сулуулук салонунда иштеген мигрант кыз 2020-жылы коронавирус пандемиясы учурунда Москвада таксопарк ачкан. Бирок мындай ийгиликтүү ишкерликке чейинки жол оңой болгон эмес. Мигрант кыз жеке ишкерликти кантип ачканы тууралуу айтып берди.
Материалды “Азаттыктын” “Мигрант Медиа” долбоору даярдады
“Азаттык” радиосунун “Мигрант Медиа” долбоору четте жүргөн кыз-келиндер үчүн эки айлык жарыялайт. Кандай ийгиликке жеттиңиз же эмне көйгөйүңүз болсо +996 556 113 317 номерине WhatsApp/Telegram аркылуу жазыңыз.
- Миллиондогон эл каршыбыз десе, "жок, мен алмаштыргым келип жатат" деп алмаштырып салды.
- Бир-эки эле кишинин каалоосу менен өзгөртүп салышты.
- Биздин пикирибиз эске алынбаганына көнүп калдык.
- Элдин пикири дей берсең, андай башкаруу болбойт. Анда эл башкарып калат.
Жогорку Кеңеш тууну өзгөртүүнү талкуусуз чукул колдоп бергенине кыргызстандыктардын пикири кандай?
Москва: Мигранттар ачкан «Манас» кинотеатры
Москвадагы «Манас» кинотеатрын Орусиядагы кыргыз ишкерлери ачкан. Негиздөөчүлөр беш жыл аралыгында эки жолу банкрот болгон. Биринчи жолу ижара чыры, келген көрүүчүнүн аздыгынан жабылган. Пандемияда экинчи жолу жабылган. Учурда кинотеатрда кыргыз кинолору күнүгө алты сеанс менен көрсөтүлөт.
Видеону «Азаттыктын» «Мигрант Медиа» долбоору даярдады
Тогуз айда Кыргызстандын калкы дээрлик жүз миңге көбөйдү
2023-жылдын башынан берки тогуз айда Кыргызстандын элинин саны 92 800 адамга көбөйдү. Жыйынтыгында быйылкы жылдын октябрына карата өлкөдө элдин саны 7 млн 130 миң адамга жетти.
Улуттук статистикалык комитет Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментине шилтеме кылып маалымдагандай, быйыл тогуз айда 108 400 жаңы төрөлгөн ымыркай катталган. Ошондой эле бул аралыкта 23 100 адам каза болгон.
Мындан тышкары быйыл январь-сентябрь айларында өлкөгө туруктуу жашоо үчүн 11 200 миң адам келсе, 3700 адам кеткен.
Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында б
azattyk

Азаттык радиосу

Добавлено фото в альбом

Кыргызстанда электр энергиясынын баасы инфляциянын өсүшүнө жараша жыл сайын көтөрүлүп турат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 21-июлда өткөрүлгөн брифингде билдирди.
"Баалар жыл сайын инфляцияга жараша көтөрүлүп турат. Жакында эле 23 тыйынга кымбаттады. Быйыл инфлияциянын деңгээли 13,9 болгондуктан, тариф да ага ылайык көбөйтүлдү. Эгер 2010-жылдан бери 5-10 тыйындан кымбаттатып отурсак, азыр 1 сом 40 тыйын болуп калмак".
Министр энергетикага чукул кырдаал киргизүү сунушу тууралуу да түшүндүрмө берди. Анын айтуусунда, кырдаалдын бааларга тиешеси болбойт. Ал чукул кырдаал шартында чакан ГЭСтерди куруу үчүн жер маселесин чечүү оңоюраак болот деди.
Кыргызстанда электр энергия
Показать ещё