Бирөөгө бирөө дем болот,
Бирөөгө бирөө жем болот.
Бул дүйнө ушул теңи жок,
Бирөөдөн бирөө кем болот.
Бирөөнү бирөө колдонот,
Бирөөгө бирөө жол болот.
Бирөөгө жагам деп жүрүп,
Бирөөгө бирөө кор болот.
Бирөөгө бирөө кол сунат,
Бирөөгө бирөө жол курат.
Бирөөнү бирөө азайтып,
Бирөөнү бирөө толтурат.
Бирөөнү бирөө көтөрөт,
Бирөөнү бирөө чөгөрөт.
Бир келген ушул өмүрдө,
Билинбей көңүл көмүлөт..