Аллах Таала Куранда эч бир жан ээси Аллахтын буйругу болбой туруп өлбөйт. "Ал жазылып калган бир мыйзам "-деп эскертет.
"(Ал) силердин кимиңер жакшы амалдарды жасарыңарды сыноо үчүн өмүр менен өлүмдү жараткан. Ал - Ызаттуу, Кечиримдүү!" (Мүлк: 2)
Пайгамбарыбыз (соллаллооху алайхи уа саллам): "Өмүрдүн лаззатын качыра турган өлүм тууралуу көп эстегиле! "-деген.
"Өлүмдү көп эстеп,күнөөлөрдөн качкан адамдын кабыры- Бейиштин бир бакчасынан болот. Өлүмдү унутуп, күнөөгө баткан адамдын кабыры - Тозоктун бир чуңкуру болот ". (Суфян ас -Саури)
Мындай видеолорду биринчиден өзүмө эскертүү үчүн, өлүмдү көп ойлоп жүрүүшүм үчүн киргиземин. Жана башкалар да тообо кылып, намазды башташы үчүн, күнөөлөрү үчүн Аллахтан тынбай кечирим сурап, жалбарышы үчүн! Ар бир күн биз үчүн тообо кылууга, Аллахтын ыраазычылыгына жетүүгө бир мүмкүнчүлүк, тууганым! Тообо кылалы
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Свернуть поиск
Правая колонка
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше интересных видео и найти новых друзей.