Электр энергиясына болгон тарифтин баасы 1-майдан тарта 23 тыйынга көтөрүлөт. Баанын жогорулашы тууралуу буга чейин ар түрдүү пикирлерди жаратып келди. Бул боюнча өлкө башчы Садыр Жапаров соңку берген маегинде билдирип, түшүндүрмө берген. Анда энергетика тармагында каатчылык эске алынып, чечим кабыл алынганын түшүндүргөн. Энергетика тармагындагы адистер да өлкөнүн ифраструктурасынын өсүүсүн, калктын көбөйүүсүн эске алып, керектөө жыл сайын өсүп жатканын кулак кагышууда. Мындан улам бул маселеге байланыштуу кескин чараларды колдонуу туура деп эсептешет.
t.me/trkregion (
https://t.me/trkregion)