Рафаэль Физиев Лас-Вегаста өткөн UFC Fight Night 199 турниринде атаандашы Брэд Ридделлди жыга тээп, жеңишке жетти.
Беттешке чейин Ридделл UFC жеңил салмагы менен 12-орунда, ал эми Физиев 13-орунда турган.
Таймаштын үчүнчү раундуна чейин алар теңме-тең кармашып келе жаткан. Беттештин бүтөрүнө 2,5 мүнөттөй калганда Физиев айланып келип Ридделлди башка тепкенде ал жыгылган. Видеодон анын кашы да жарылып кеткенин көрүүгө болот. Калыс шашкан тейде таймашты токтоткон.
Ошентип Физиев акыркы беттештеринде бир дагы жолу утулбай, бешинчи ирет жеңди. Ал эми Ридделл UFC кармашында биринчи ирет жеңилүү ызасын тартты.