Курмандык чалууга милдеттүүлөр
"(Материалдык) абалы, (курмандык чалуу) убагы (баары) жайында болсо дагы, курмандык чалбагандар биздин намаз окуган жайыбызга жакындабасын" (Хадис шариф).
Курман айт майрамында курмандык чалууга милдеттүү болуу үчүн төрт шарт талап кылынат:
1. Мусулман болуу.
2. Акыл-эси жайында жана балагатка жеткен куракта болуу.
3. Жолоочу болбоо.
4. Белгилүү мал-мүлккө ээ болуу.
Ханафий мазхабында курмандык чалууну важиб кылган байлыктын өлчөмү зекетте жана фитир садакасында талап кылынган байлык өлчөмү менен бирдей. Тактап айтканда, карыздарды жана негизги муктаждыктарды эске албаганда, 20 мыскал (85 гр) алтын же 200 дирхам күмүш өлчөмүндө эсептелет. Материалдык мүмкүнчүлүгү мындай абалдагы аялзаты же жетилген балдар курмандык чалууга милдеттүү болуу менен бирге, өмүрлүк жолдошу же атасы булардын атынан (белек жолу менен) курмандык чалуусу жетиштүү болот. Ал эми башка мазхабдар курмандык чалууну туруктуу сүннөт катары эсептешкендиктен, курмандык чалуу милдети үчүн өзүнчө бир байлык өлчөмү аныкталган эмес.