Бир бололу
Каңырык түтөп турганда.
Калкты бузган акмактар.
Каңкылдап эле чыгышты.
Канчыктай үргөн ар сапар.
Элди, жерди бузгандар.
Элеңдебей бул сапар.
Эрдик кылса жарашмак.
Эртеңди ойлоп таң атар.
Түйүлүп бир муштумдай.
Тизилсек сапка бузулбай.
Ташты талкан кылмакпыз.
Тийилген жоону кутуртпай.
Токубай бузук жамакты.
Токтотуп толгон ушакты.
Топук берип эл журтка.
Торуйлу элге ынтымакты.
Бир бололу бул күндө.
Бей куттук тилеп өлкөгө.
Белгисиз сөздү таркатып.
Бой бербей кара өзгөйгө.
автор:Топчубаев Кылычбек