Урматтуу кыргызстандыктар!
Бүгүн биз мамлекеттүүлүктүн негизги символдорунун бири болгон Мамлекеттик тил күнүн белгилеп жатабыз 🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Учурдан пайдаланып, баарыңыздарды куттуктоо менен тил ар бир эл үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп кетким келет. Элибизде “Тил - элдин жүзү жана байлыгы” деп айтылат. Өз эне тилин билүү - бул улутка болгон сыйдын белгиси.
Менин Эрлан деген досум туулуп өскөн жерибиз тууралуу мыкты ыр саптарын жазыптыр, аны сиздер менен бөлүшөм.
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!