Таш-Көмүр шаарынын активисттеринин бири атына заты жарашкан Асылбек Арстанбеков өзүнө чоң жоопкерчилик алып, гепатит оорусу менен ооруган адамдарга жардамын аябай келет.
Медициналык билими жоктугуна карабастан, биздин жердешибиз ЖМКда бир нече жолу эксперт катары чыгып, медицина кызматкерлеринин деңгээлинде бул оору тууралуу талкуулап, пациенттерге жардам берүү жолдорун сунуш кылган.
Асылбек менен баардыгыбыз сыймыктанабыз!