20. Билип алгыла: Дүйнө жашоосу оюн-тамаша, зыйнат-жасалга, өз араңарда менменсинүү, мал-мүлк жана бала-чаканы көбөйтүүдөн гана турат. Анын мисалы жамгыр сыяктуу: ал өстүргөн нерселер дыйканды сүйүнтөт. Кийин (убактылуу) кулпурат. Андан кийин сен анын саргарганын көрөсүң. Андан кийин кургак чөпкө айланат. Акыретте (убактылуу дүйнөгө азгырылгандарга) катуу азап жана (ыймандууларга) Аллахтан кечирим жана ыразылык бар. (Ошентип) Дүйнө жашоосу азгырык матаадан башка эмес. 21. (О, момундар!) Раббиңердин кечиримине жана кеңдиги асман менен жердей болгон Бейишке шашылгыла! Ал Аллахка жана Анын пайгамбарларына ыйман келтиргендер үчүн даярдалган. Бул – Аллахтын пазилети. Аны каалаган пенделерине берет. Аллах улук пазилет Ээси.