«Эгерде адам бул өмүрдү бул жашоого келе электеги кезди караса анын узак экенин көрөт. Эгерде ал өмүрдү бул дүйнөдөн кеткенден кийин караса анын узак экенин жана кабыр жашоосу андан да узак экенин көрөт. Эгерде ал Кыяматтагы Сот Күнүн карай турган болсо ал күн элүү миӊ жыл экенин көрөт. Эгерде адам Бейиштеги же Тозоктогу өмүрдү карай турган болсо ал түбөлүк экенин көрөт. Ушунун баарын көргөндөн кийин кайра кайтып, бул өмүрдөгү жашоосун караса, мисалы ал 60 жыл болсо, анын да 20 жылын уйкуда, 15ке жакынын бала кезде өтсө, калган убактысын санай турган болсо анын көпчүлүгүн өз напсисинин каалоолорун кандырууда, тамак ичүү, ырыскы табууда өткөндүгүн көрөт. Эгерде өлүмдөн кийинки акырет жашоосу үчүн кеткен убактысын, кылган иш-аракеттерин карай турган болсо анын көпчүлүгү эл көрсүн-рия жана амал-ибадаттарына көңүл коштуулук менен өткөндүгүн көрөт. Мына ушундан кийин, сенин акырет үчүн кылган иш-амалдарыӊдын баары бир нече саат гана болсо а сен Түбөлүк жашоону (Бейишти) кайсы кылган амалдарыӊа сатып алгыӊ келип жатат?».
Видеонун толук вариянтын көргүңүз келсе төмөндөгү ↓ ссылканы басыңыз
https://www.youtube.com/watch?v=5U3onnlm3Dg