1-сабак \ Ыйык Куран, Фатиха сүрөөсү
Видеонун толук вариянтын көргүңүз келсе төмөндөгү ↓ ссылканы басыңыз
https://youtu.be/OJ2s1uAQTjE
Урматтуу боордоштор! Аллах насип кылса бүгүндөн баштап Аллахтын сөзү ыйык Куран жана анын түшүндүрмөсү аттуу сабагыбызды баштайбыз. Аллах Таала баарыбызды акыйкат сөздөрдү уга турган жана уккан сөздөрдүн жакшысын иш-жүзүнө ашыра турган пенделеринен кылсын.
Фатиха сүрөөсү
Ыйык Курандын эң башкы бетине жазылган бул Фатиха сүрөөсү – Меккеде түшкөн. «Фатиханын» мааниси «Ачуучу» дегенди түшүндүрөт. Анткени, Кураани Карим дал ушул сүрө менен ачылат жана башталат.