Бишкекте аялын 3 күн бою сабаган эркек кармалып
Ат-Башыда келин ок атуучу курал менен коркутуп сабалды
Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда аялын ок атуучу курал менен коркутуп сабаган жаранга кылмыш иши козголду.
8-апрель күнү Ат-Башы РИИБине жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, 1980-жылы туулган А.А. аттуу бир тууган сиңдиси денесинен жараат алып ооруканага түшкөндүгүн билдирип, аны сабаган адамга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүсүн суранган.
"Аталган факты боюнча текшерүү жүрүп, анда жубайлар 2020-жылдын январь айынан бери чогуу жашабай калышкандыгы аныкталган. Ал эми аял бир тууган эжесинин үйүндө жашап жаткан, ошондой эле жолдошу менен ажырашуу тууралуу Ат-Башы райондук сотуна арыз менен кайрылган. Ошондон баштап жолдошу ага тынчтык бербей, чыр салып, зомбулук көрсөтүп жүргөн. 8-апрель күнү саат
11:00 чамасында кайын эжесинин үйүнүн короосунан жолдошу сайсыз ок атуучу куралы менен аялын коркутуп, сабаган. Натыйжада А.А. Нарын облусунун бириктирилген ооруканасынын сынык жаракат бөлүмүнө жаткырылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда жабырлануучу аялга соттук медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деди басма сөз кызматынан.
Кечээ, 10-апрелде жабырлануучу келиндин жолдошу кармалып, камакка алынган.
Бишкекте спирт ичимдигин ичип алып, үч күн бою аялын сабаган деп шектелип С.Т. аттуу жаран кармалды. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, шектүү кечээ, 10-апрелде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Октябрь РИИБине аял киши арыз менен кайрылган. Арызда анын күйөөсү ичимдик ичип алып, 3 күндөн бери сабаганы жазылган. Мындан улам ал күйөөсүнө чара колдонуп берүүнү суранып, милицияга кайрылган. Ал эми шектүү 2015-жылы президенттик аппараттын экономикалык талдоо бөлүмүндө эксперт болуп иштеп, 2019-жылы бул кызматтан бошотулган. Учурда ал президенттик аппаратта иштебейт. Бул факты боюнча тийиштүү медициналык экспертизалар дайындалып, шектүү камакка алынган.
https://www.facebook.com/groups/564379884493865/
https://www.instagram.com/ykcham.tv/?hl=ru