Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн Арал айылында 52 жыл мурда курулган мектеп авариялык абалга келип, дубалдарды ным тартып калган. Алымкул Үсөнбаев атындагы “Арал” орто мектеби эки тарабынан сай менен курчалгандыктан, жер астынан ным өтүп полдор шишип чыккан. 2013-жылы проект жасалып, жөнөтүлгөнү менен эч кандай жыйынтык чыкпаганын мектеп директору Айгүл Исраилова айтат.