2010-жылдан бери 200дөн ашуун Кытай жаранына кыргыз паспорту берилсе, анын 129у этникалык кыргыздар болуп эсептелет. Бирок коомчулукта Кыргызстандын атуулдугун жеңилирээк жол аркылуу алуу максатында кытай жарандары кыргыз кыздарына үйлөнүшүп, бирок аз убакытта эле турмушу эки ажырым жолго түшүп жатканы кызуу талкууланууда. Ата-энелерине да айтпай чет элдин жаранына турмушка чыгышып, анан кризистик борборго кайрылышкан кыргыз кыздары....