Интересные идеи из хлопкового шнура, для декора дома
Шкатулка поделок
459K просмотров
02:02
Нам кажется, что на видео есть . Посмотреть
Уберите лишние метки и подтвердите оставшиеся, если они определены верно
Убраны из меток0
Подтвердить метки
Отмена
Бүгүн Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети депутат Мирлан Бакиров демилгелеген “Туруктуу багып-тарбиялоого муктаж ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан адамдардын эмгегине акы төлөө жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун колдоого алды Ал эми учурда Кыргызстанда 29 200 гө жакын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар болсо, алардын 6 миңи башка адамдардын багуусуна муктаж. Андыктан күнү-түнү жанынан чыкпай караган ата-энелери жумушка чыгып иштей албагандыктан, социалдык жана медициналык камсыздандыруудан пайдалана албай келишет. Мындай балдардын жана ата-энелердин абалын эске алып, сунушталган токтомдун долбоору боюнча өкмөткө жакынкы аралыкта жобону иштеп чыгуу талабы коюлду. Эл өкүлү Мирлан Бакиров коомдун эң аярлуу катмары болгон ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жакындарына мамлекеттик камкордукту күчөтүү керектигин белгиледи.
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации