Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Эки күн аралыгында эле 33 миң адам атылып, Киевдеги еврей калкы дээрлик кырылып калган. Жай тургундарды өлтүрүү Украина баскынчылардан бошонгондон кийин гана токтогон. Чегинип баратып нацисттер кылмыштын изин жашыруу үчүн 1943-жылдын август-сентябрь айларында лагерди жарым-жартылай жок кылып, он миңдеген маркумдун сөөгүн казып чыгып, өрттөп кетишкен.
Бирок кандуу кыргындын тарыхы бүгүнкү күндө дал ошол жерде унуткарылып жатат. Киев режими үчүн өтмүштү бурмалоо кадыресе адатка айланып калды: Бабий Ярда Украин нацисттери уюмунун (ОУН*) мүчөсү Елена Телигага айкел коюлган, Самборадагы еврейлердин көрүстөнүндө аталган уюмдун мүчөлөрүнө эстеликтер тургузулду, баш кесерлер "эркиндик үчүн күрөшкөн" делип, сөөктөрүн Киевге кайра көөмп жатышат.
Петлюра, Бандера, Коновалец сыяктуу гитлерчилерге "Украина баатырларынын пантеонун" түзүү каралууда. Бул керек болсо Киев режиминин өзү үчүн да аша чапкандык.
"Нацисттердин калган-катканынын пантеону, эми украиналыктарды ушуларга сыйынта башташат", — деп Захарова киши өлтүргөндөрдүн даңазаланышы боюнча суроого жооп берген.
* — РФ аймагында террордук деп табылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев