Конокпуз.
Бүгүн барбыз,эртең жокпуз өмүрдө,
Көп нерсени жакын албай көңүлгө.
Жакындардан жылуу сөздү аянбай,
Жашайлычы,жакшы пейил сөзүңдө.
Таарыныч да, кейишиң да кеп менен,
Өткөрбөстөн, убактарды...кек менен.
Ынтымактуу, болсок гана беш күндүк,
Өмүрдүн да, басаар жолу чек менен..
Билбейбиз да, дагы канча өмүр бар,
Кеткендерге кейип жүрүп көңүл зар.
Арабыздан... өткөндөргө.. алыстап,
Аргасыздан, айласыздан көнүү бар..
Бул өмүрдө биз бир келген конокпуз,
Кызыксыз го, өткөн күндөр коноксуз.
Келгендигин, эстегендей мейманды,
Өткөн кезде, айтып бүткүз жомокпуз.
Бирибизге, бирибиз дайым керекпиз,
Жашайлычы, кек сактабай себепсиз,
Жакшыларым... аянбайлы жылуу сөз,
Убактылуу, коноктор