Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Кай бир заманда баш кошуп бирге түтүн булатып жашаган жубайлар болуптур. Алар үй-бүлө курганына көп болсо да араларында тез-тез жаңжал чыгып турчу экен
Күйөөсү:
- Бир сөздөн калсаң өлөсүңбү? Аялдай болуп баш ийсең боло - десе, аялы:
- Кечке чейин бир ооз жакшы сөз айтып көңүл көтөргөндөн убактыңды аяйсың - деп жооп кайтарат. Бул сыяктуу чыр-чатактарды көптөн бери угуп жүргөн коңшусу келип:
- Аркы өйүздөгү айылда даанышман аксакал бар. Ал силердин ортоңордогу маселени чечип берээрине ишенем дейт
Жубайлар ээрчишип, аксакалдын алдына барып, арыз-муңун айтып беришет. Даанышман экөөнү эки башка бөлмөгө жайгаштырып:
- Ушул кагазга бири-бириңердин кемчилигиңерди жазгыла - деп экөөнө экиден а