КЫРГЫЗ БОЛСОҢ КЫРГЫЗ КЫЗЫН КОРГОГУН,
КЫЗЫҢ БОЛОТ ЭРТЕҢ ЭЛЕ ОЙЛОНГУН.
КАЙСЫ ЭЛДИН АЯЛЗАТЫ КОРДОЛСО,
АР НАМЫСТУУ ЭРКЕК ЖОК ДЕП ОЙЛОГУН.
Кайтаар дүйнө экендигин билишсе,
Кыссып эле адам бойдон жүрүшсө.
Кызы теңдүү селкилерге сөз айтпай,
Кээ бирлери улгайганын сезишсе
Келгендери конок болуп жөн кетсе,
Кеңеш акыл насаат менен келишсе.
Кейип кетем кээ бирине аттиң деп,
Өпкүчтөрүн уялбастан иштетсе.
Кыргыз жигит кыргыз кызын коргосо,
Келечекте өз кыздарын ойлосо.
Ар намысты ыйык кармап эр жигит,
Аялзатты апасындай ойлосо.
Эстелик деп сүрөт койсо сулуулар,
Жолбун иттей жулунасың кургурлар.
Эркек болсоң эже карындашың ойло да,
Эр издеп келген эмес интернетке сулуулар.
Н.Жума.
Аксы району.
202
Ажыдаардын ункуру. 9-бет Турдалы, ушул жашка келени мынчалык сүйүүгө кабылып көргөн эмес. Таңсулууну көргөндө эле биринчи көз караштан аны берилип сүйүп калды. Сүйгөнү менен башы менен кете турчу өзүнө дагы жакпаган адаты жалжаңкелиги, сөздү аңдабай сүйлөгөнү Таңсулууга жакпай калганын жүрөгү менен сезди. Канчалык өзүн теңтуштарынын алдында баатыр сезип, оюн ачык айтканы менен Таңсулуунун алдына келгенде мокок болуп, ага жарытылуу жакшы сөз айта албай, жаман адаты кармап, оозуна алы келбей, сөздөн жаңылып, катуу уят болгонун өзү дагы моюнга алып, анын өзүнө карата сезими жок экенин сезген үчүн күч колдонуп, ала качып болсо дагы алууну алдына максат кылып коюп, анан балдары менен бул масел
Ажыдаардын ункуру. 8-бет "Жакшы кабар ташбакадай, жаман кабар учкан куштай жетет"-деп айтылгандай, Мараттын болгон кыймылы, эмне менен алек болуп, эмне менен дем алып, кантип акча таап жатканы айылга эбак желдей тарап жеткенине, Марат үйүнө келип угуп таң калып эле калды. Атасы Токтоболот баштагыдай жаркылдап кабыл албай өтө муздак жана суз мамиле жасап, ал турсун жанына турбай боюн оолак тутту. Ан сайын Мараттын сабыры түгөнүп, атасы сыртка чыгып кеткенде апасынан сурады; -Апа, атама эмне болгон деги?-деп, андан ары сөзүн таппай калды эле, апасы Сайнап, кабагын чытып; -Азыр катын ушактан дагы эркек ушак алда канча күч алган заман болбодубу. Атаңа ким жеткиргенин билбейм, сенин ал жакта ар
БАШКАЧА БОЛУП БАРАТАТ. ------------------------------------- Негедир билбейм баарысы. Башкача болуп баратат. Сааттар жылып батыраак. Убакыт өтүп баратат... Уйкуң канбай таң атат. Эч иш бүтпой күн батат. Берекеси билинбей. Мезгил агып баратат. Кечээ эле кыш эле Бүгүн кайра жаз келди. Сезилбей өткөн сыяктуу. Жаз,жай,күздүн өткөнү. Бала чагым эстесем. Күндөр жайдан өтчү эле. Шашпаса деле адамдар. Көп жумуштар бүтчү эле. Жыйырма төрт саат баягы. Ошондой жылып жаткансыйт. Бирок билбейм неликтен. Күн эрте батып жаткансыйт. Таң эрте атып аткансыйт. Жумуштун баарын үйдөгү Машина жасап жатса да. Убакыт таппайм туугандын. Ал жайын сурап кайтканга. Күнү түнү ой басып. Түшүнүк жетпей таң атат. Мур
Ажыдаардын ункуру. 7-бет Мараттын акыркы жолку жазган макаласы асаба газетасына чыкканы, кадыры иштешкендеринин арасында кадимкидей өстү. Бир кезде атайын суранып убадасын алган Жолдош карыянын "аксакалдарга асылып, газетага макала жазба"-деп айтканы орундалган жок. Бирөөнү жамандап, өзүнө кадыр топтогон айыңчы аялдардын жолуна түшкөнүн Марат али таназар албады. Кайра өзүнө-өзү ыраазы болуп, дагы кимди сындап жазсам болот деп, шыктанып алды. "Кол чабуулар бирөөлөр үчүн сөөлөт болсо, бирөөлөр үчүн камчы"-деп айтылгандай, Марат үчүн дагы аксакал адамды сындап жазганы, сөөлөт күткөнгө тете эле иш болуп,өз кызыкчылыгын жогоруу тутту. Эгер, бир кезде атайын эскертип айткан Жолдош карыянын сөзү