Табарсык, бөйрөк, өпкө ооруларын айыктырган күчтүү отоо чөп!
огороддук аптека
Жики (пырей) – көп жылдык дан өсүмдүгү. Огороддо иштегендер аны отоо чөптөрдүн ичинен эң жаман көрүшөт. Анткени бир эле чөптүн тамыры айланасына 15 м чейин !!! жайылып кетиши ыктымал, андыктан аны жоготуш абдан кыйын. Жикинин жанында алабата, төө куйрук, портулактар оюнчук болуп калат. Өмүрү колхоздун кызылча талаасында өткөн таятам бул чөптү короосунда көрсө эле өрттөп салчу. Айылдыктар эгер бакчасында бул чөп пайда болуп калса, дароо күрөктөп, анын тамырын терип, отко жагып салышат. Бирок так ушул тамырдын дарылык касиети абдан күчтүү экенин эсиңерге салып коелу. Андыктан аны элдик медицина гана эмес, официалду