Окуп чыгып башкалар менен дагы болушуп койгула.
Жаңы турмушка чыгып, башка үйгө, башка чөйрөгө көнө албай жүргөн карындашы менен агасынын вотсаптагы сүйлөшүүсү... Бул катты мен кокусунан көрүп калып, сиздер менен бөлүшөйүн деп чечтим. Өзүнөн уруксат алдым. Аганын карындашына болгон ак тилеги, анын бактысы үчүн чын дилинен күйгөнү, берген кеңештери мени кайдигер калтырган жок. Сүйлөшүүнүн ортосунда кыздын агасынан кеңеш сураган суроолору бар эле. Ал жерлерди алып койдум. Мүмкүн мында айтылган ойлор кээ бир жаш үй-бүлөлөргө пайдалуу болуп калар.
***
...Биринчи сен өзүндү баалаганды, өзүңө кам көргөндү үйрөн. Бул дүйнөдө ар бир адам жалгыз экенин, ошондуктан ар бирибиз күчтүү, жагымдуу,