Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Менин атым Жанара, 16 жаштамын. Бул катты жазбайын деп көпкө кармандым. Бирок көөдөнүмдөгү күйүт чыдатпай койду... Мен эс тарткандан бери таята-таенемдин колунда өстүм. Апам мекенибиздин миңдеген жарандарындай эле Орусияда иштеп жүрөт. Чал-кемпирдин колунда жүрүп ар кандай күндөрдү башымдан кечирдим. Таятам ачуусу чукул киши, сабактан кеч келсем, тамагын убагында бербесем сөзсүз таяк жейм. Апам жанымда болсо минтип кордук көрбөйт элем. "Апа, мени алып кетчи" деп бакырып-бакырып ыйлап алам. Кайра "аз калды, чыдасам апам келет, ал мага эч кимдин колун тийгизбейт" деген ойлор жоошутчу. Бирок мындай кыялдар жакында эле тыптыйпыл болуп жоголду... Апам таенем экөөбүз