Эне тилдин дареги
Эне тилим, дилим жашоом, менин бейнем, байлыгым.
Байыртадан учук улап, сактап келген тарыхын. .
Алмаштырбайм, башка өлкөдө жүрсөм дагы эч качан,
Үнүм бийик дилим таза, эне тилим, Кыргыз тилим азыгым.
Эне тилим, дилим жашоом менин бийик сыймыгым,
Белек кылган, улуу урпак артта калган нечен кылым.
Жар саламын, тилим барда ааламга бүт айлантып,
Бирге ачылган жүрөгүмдө тилим менен жан сырым.
Эне тилим, көрктүү багым, сулуу болуп аткан таңым,
Сени менен ачык менин мелтиреген көк асманым.
Ак булуттай илбериңки тартып турам эркелеп,
Тилим менен аалам кезсе лирика ыр саптарым.
Эне тилим, таза дилим, көздөрүмдүн кареги,
Асман тиреп желбиресин, улуттун кызыл желеги