Келечектеги жолдошум: Сулуу эмес жылдыздуу. Ынсапсыз эмес ыймандуу. Атактуу эмес ардактуу. Байлыгына эмес акылына ишенген. Билегине эмес билимине ишенген. Сулуулугуна эмес улуулугуна ишенген. Барга коппогон, жокко чокпогон. Карангыда көз, капилеттен сөз тапкан. Өйдодо обок, ылдыйда жолок болгон. Озгонун байлыгына көз артпаган, сулуу аял корсо сөз атпаган. Жалкоолонуп уйдо кээчке жатпаган, эркек деген ар намысын сактаган. Ата - Энесин, кайын журтун сыйлаган, алган жарын башка жанга кыйбаган. Жалган айтып жаман жолдо журбогон, жакындарын жакшы жолго ундогон. Мына ушундай жолдош берсин кудайым. Ар бир кызга насип этсин ылайым.