Жангактын даарылык касиети
=========================
Адам колдонгон азыктардын эң пайдалууларынын бири – жаңгак. Азыктан тышкары жаңгак медицинада кеңири колдонулат. Тактап айтканда, анын данынан баштап жалбырагы, көк жаңгак жана тамырынын кабыгы, жаңгактын ичиндеги жука кабыкчалары, майы да дары болуп берет. Бул алмаштыргыс заттын пайдасын изилдеп көрөлү.
КАСИЕТИНИН КҮЧҮ ЭМНЕДЕ? “Азык болгондон тышкары миң түркүн ооруларга даба болуп келе жаткан жаңгактын касиети эмнеде?” деген суроо жаралбай койбойт. Буга окумуштуулар “касиети андагы эң пайдалуу заттарда” деп түшүндүрүшөт. Изилдөөлөрдө жаңгактын данында, май, белок, йод, калий, магний, темир, күкүрт, жез, кобальт, цинк жана витаминдерден