Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
<Идиштин дубасы> Нубайшадан (р.а) риваят: Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: 《Ким кайсы идиште жеп андан соң ошол идишти жакшылап тазаласа, идиш ага мындай дуба берет: Ал мени кантип шайтандан куткаргандай, Сен аны тозоктон куткаргын. (Мишкат 368)
<Тамактан кийин колду сүртүү сүннөт> Жаабирден (р.а) риваят: Биз Пайгамбарыбыздын ﷺ заманында тамактын (курсак тойгуза турган) өлчөмүн таппайт элек, өтө аз тапчуубуз жана бизде майлык (кол арчыгыч) да болбойт эле. Биз майларды алакандарыбызга, билектерибизге жана буттарыбызга сүрөт элек. Андан соң намаз окуп кол жуубайт элек. (Бухарий 2/820)