Түбөлүктүү өлбөчүдөй жүрөсүң,
Боор ачыбай байкуштарга күлөсүң.
Ээ, пенделер акыр түбүн ойлосоң,
Күнөөң үчүн тозок отто күйөсүң.
Бул жашоодон кетпечүдөй жыргайсың,
Өздүгүңдү эмне үчүн кыйнайсың?
Бул өмүрдүн ырахаты деп жүрүп,
Акыретте бир өкүнүп ыйлайсың.
Өмүр отуң өчпөчүдөй ойнойсуң,
Өлүм эмес өмүр баркын ойлойсуң.
Өмүрүңдү берекелүү өткөрбөй,
Ар бир күндү бекер эле тойлойсуң.
Акыретти дале болсо билбейсиң,
Азырынча азаптарын сезбейсиң.
Мухаммеддин өмүрүндөй жаша деп,
Айтып турса досум беле ким дейсиң.....!
ТАГАЙБЕКОВА ШАХРА